-
Модуль 1
Бул модуль кино өндүрүшүндөгү продюсирлөөнүн философиясына жана маанисине киришүү болуп саналат. Сиздер ушул кесип боюнча коомубузда орун алган стереотиптерди, ошондой эле продюсердин кесиптик милдеттери менен көндүмдөрүн талдайсызар. Ошондой эле курстун материалдары кино өндүрүрүшүндөгү продюсерлердин иерархиясынын кандай түрлөрү бар экени тууралуу да айтып берет
-
Модуль 2
Экинчи модуль болочоктогу жана тармакка жаңыдан аралашып жаткан продюсерлер үчүн индустрияга кирүү, биринчи кадамды жемиштүү таштоо боюнча практикалык кеңештерге багытталган. Сиздер продюсирлөөнүн мүмкүн болгон сценарийлерин – нөлдөн баштоону да, колдо идея-сценарий даяр турган учурду да карап чыгып, каржылоонун потенциалдуу стратегияларын талдайсыздар. Ошондой эле мында тасманы каржылоо жана инвестициялык пакеттин компоненттери боюнча маалыматтар берилет
- 1-сабак. Продюсер болгум келет. Эмнеден баштайм?
- 2-сабак. Мен — продюсермин. Андан арычы? Сценарий жана укуктарды тазалоо
- 3-сабак. Коммерциялык жана коммерциялык эмес кинодо каржылоонун стратегиялары
- 4-сабак. Тасманын инвестициялык пакети
- 5-сабак. Тасманын бюджетин иштеп чыгуу
- Өз алдынча иш үчүн тапшырма
-
Модуль 3
Бул модуль “өндүрүштө эмнеден качыш керек” деген маселеде кеп-кеңеш берет, ошондой эле заманбап продюсер долбоорун пландап жатканда эске алышы керек болгон киноиндустриянын айрым жагдайларын карайт
-
Финальный тест
Жооп калтыруу
You must be logged in to post a comment.