Жүктөө
Басып чыгаруу

IWPR Борбордук Азия ѳлкѳлѳрүнүн ММКларын, жеке ММКларын жана блогерлерин ментордук колдоо программасына сынак жарыялайт


Ментордук иштин максаты — аудиторияны натыйжалуу тартуу, кросс-платформалык контентти, 360, VR/AR жана контентти кросс-платформалык түзүү кошулуп, ММКларда акыркы тренддерди пайда кылуу үчүн жаӊы ыкмаларды изилдѳѳ аракети. Ошондой эле,  окурмандардын кайра кайрылып келүүсүн камсыздоо үчүн аудиториянын лоялдуулугуна кантип жетүү керек экендигине байланышкан теманы да камтыйт.

Биз эмнени сунуш кылабыз? 

Ментордук иштин максаты — аудиторияны натыйжалуу тартуу, кросс-платформалык контентти, 360, VR/AR жана контентти кросс-платформалык түзүү кошулуп, ММКларда акыркы тренддерди пайда кылуу үчүн жаӊы ыкмаларды изилдѳѳ аракети. Ошондой эле,  окурмандардын кайра кайрылып келүүсүн камсыздоо үчүн аудиториянын лоялдуулугуна кантип жетүү керек экендигине байланышкан теманы да камтыйт.

COVID-19 вирусуна байланыштуу келип чыккан окуяларды эске алуу менен, тренингде кризистик жана критикалык/пандемиялык абалдарда жаӊылыктарды чагылдыруу боюнча  маселелер да каралып чыгат.

Кеп эмне жѳнүндѳ болот?

  • Толукталган (AR) жана виртуалдык (VR) чындыкты ѳнүктүрүү менен журналистиканын келечеги
  • Жарнамада жаӊы ыкмалар. Нативдик жарнама деген эмне жана ал аркылуу кантип киреше табууга болот?
  • Социалдык тармактарда аудитория менен ѳз ара аракеттешүү – нѳлдѳн баштап жаӊы бѳлүм түзүү
  • Редакциялар жана блогерлер үчүн сандар менен иштеген журналистика
  • Подкаст жаратуу. Аны кантип уникалдуу кылууга болот?
  • Explaining (түшүндүрүүчү) жана социалдык журналистика. Бул кандай багыт жана эмне үчүн перспективдүү?
  • Жаӊылыктарда гендердик жана чыр-чатактык сезимталдыкты чагылдыруу
  • Ар кандай кризистерди чагылдыруу боюнча контент-планды кантип түзүүгѳ болот?
  • Аймактык жаӊылыктар. Жашап кетүүнүн жана ѳркүндѳѳнүн жолу

Кандай редакциялар ѳтүнмѳ бере алат?                                                                                         

  • Эки жылдан ашык тажрыйбасы бар чакан редакциялар.
  • “Жеке ММКлар” (YouTube блогдордун, телеграм каналдардын, социалдык тармактардагы учурда болуп жаткан окуяларды, тенденцияларды жана башка кызыктуу аспектилерди чагылдырууга арналган баракчалардын ээлери)

Жергиликтүү тилдерде (казак, кыргыз, тажик, түркмѳн жана ѳзбек тилдеринде) контент түзгѳн редакциялар менен блогерлер ѳзгѳчѳ кубатталат.

Редакциялар жогорудагы билимдерге ээ болуп, аларды практикада пайдаланууга кызыктар болууга тийиш.

ММКлар Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан же Ѳзбекстанда катталуусу зарыл.

Силерди эмне күтѳт?

Ментордук колдоо чет ѳлкѳлүк жана Борбордук Азия ѳлкѳлѳрүнүн тренерлери менен жогорудагы темалар боюнча үч күндүк онлайн-воркшоптон башталат.

Мындан тышкары, август айында Кыргызстанда ѳтүүсү пландалып жаткан  үч күндүк кошумча  воркшоп болот (COVID-19 вирусуна байланыштуу объективдүү тоскоолдуктар болбосо). Катышууга кеткен негизги чыгымдар уюштуруучулар тарабынан тѳлѳнѳт.

Андан кийин эмне болот?

Потенциалдуу ММКлар тандалып алынгандан кийин баштала турган биринчи онлайн-семинар аяктаган соӊ, CABAR.asia аналитикалык платформасынын чакырылган эксперттери менен редакторлору силердин редакцияӊарга 3 айлык ментордук, техникалык жана контенттик колдоо кѳрсѳтүп, бир жыл бою ментордук колдоону улантат.

Натыйжада эмнеге ээ боло аласыӊар?

  • Консультациялык колдоо (редакциялык процесстердин аудити жана коррекциясы, кызматтык нускамаларды дайындоо, ѳндүрүш циклин тууралоо)
  • Сайттын үстүнѳн иштѳѳ сайттын аудити, SEO-аудит жана баштемаларды коррекциялоо, SEO баштемалар боюнча журналисттер үчүн тренинг)
  • Социалдык тармактардын үстүнѳн иштѳѳ (социалдык тармактардын аудити, посттордун дизайны, социалдык тармактар үчүн контент түзүү жана илгерилетүү боюнча тренингдер жана воркшоптор)
  • Жаӊы ѳнүмдѳрдү жаратуунун үстүнѳн иштѳѳ (подкасттар, YouTube-каналдар, мессенджерлердеги боттор, жаӊы форматтагы видеолор, фотоматериалдардын жыйнагы)
  • Программанын мүмкүнчүлүктѳрүнѳ жараша редакциялардын башка каалоолору

  Бул эмнени түшүндүрѳт?

Бул эксперттер менен редакторлор редакциядагы процесстерди жѳнгѳ салууга, биргелешип иш алып барууга, жаӊы контент ойлоп таап, аны сайтка жана социалдык тармактарга киргизүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүшѳт дегенди түшүндүрѳт. Редакцияӊар тарабынан сапаттуу жана заманбап контентти түзүүгѳ таасирин тийгизет. Ментордук колдоо кѳрсѳтүлүп жаткан 3 айлык мезгилдин ичинде тандалып алынган редакциялар жаӊы медиалар форматында жок дегенде 8 материал жарыялоого тийиш (мультимедиялык макалалар, фоторепортаждар, видеорепортаждар, подкасттар, дата-материалдар жана башка жаӊы медиалардын элементтерин камтыган материалдар). Бул жарыялоолор үчүн долбоордун алкагында гонорар берилет.

Кантип катышса болот?

Ѳтүнмѳ берүү үчүн бул шилтемеге кирип, анкета толтурушуӊар керек. Ѳтүнмѳлѳр 2020-жылдын 4-май саат 23:59га чейин (GMT +6) кабыл алынат.

Кызыктырган бардык суроолор боюнча  + 996 (559) 655777 (WhatsApp/Telegram) телефон номерлерине же  begaiym@iwpr.net электрондук дарегине кайрылууга болот.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу