Жүктөө
Басып чыгаруу

Гулафшон Сокиева: Журналисттик иликтѳѳ деген эмне жана ал кантип жүргүзүлѳт?

Журналисттик иликтѳѳ — бул коомдук кѳйгѳйлѳр, жемкорлук, мыйзам бузуулар, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу учурларын, же болбосо  мурда кандайдыр бир себептерден улам коомдон жашырылып келген маалыматты ачыкка чыгарган материал.

Журналист белгилүү бир план боюнча иш-аракет аткарганда гана ийгиликтүү журналисттик иликтѳѳ жүргүзѳ алат. Тактап айтканда, журналисттик иликтѳѳгѳ киришерден мурун, аны ишке ашыруу боюнча туура жана так түзүлгѳн планыбыз болууга тийиш. 

Журналисттик иликтѳѳдѳгү эӊ маанилүү кадам – теманы тандоо. Журналист мыйзам кайсы жерде бузулганын, бийлик кызматын кайсы жерде кыянаттык менен пайдаланганын билиш керек. 

Иликтѳѳнүн темасы коом үчүн маанилүү болууга тийиш. Эгерде окурманы жок теманы изилдеп чыгууну кааласаӊар, анда убактыӊарды текке кетирбей эле койгула. Мындай темаларды иликтебей койсоӊор болот. 

Журналист каалаган чѳйрѳдѳ иликтѳѳ жүргүзѳ алат, бирок, иликтѳѳнүн предмети катары,  сѳзсүз түрдѳ кылмыштын, жемкорлуктун бетин ачуу же мыйзам бузууну аныктап чыгуу эсептелүүгѳ тийиш. Мисалы, журналисттик иликтѳѳлѳрдү тѳмѳнкү чѳйрѳлѳрдѳ аткарууга болот:

 

  • Саясат
  • Кылмыш
  • Финансы
  • Коомдун кѳйгѳйлѳрү

 

Эгер журналист саясат чѳйрѳсүн тандап алса, анда ал шайлоо иш-чаралары, партиялык ишмердүүлүктѳр, мамлекеттик кызматка дайындоолор, мыйзамдар жана саясатчылардын кирешелери жѳнүндѳ декларациялар боюнча иликтѳѳ жүргүзѳт. 

Ал эми кылмыштын бетин ачууга арналган иш-аракетте иликтѳѳнүн предмети катары, адам укуктарынын бузулушу, сот акыйкаттыгы, контрабанда же адам сатуу сыяктуу проблемалар алынат. 

Коррупциялык схемаларды ачыкка чыгаруу – иликтѳѳчү журналисттердин эӊ сүйүктүү темаларынын бири. Бул жаатта иш алып барыш үчүн кесип ээлери тѳмѳнкү тармактарды изилдеп чыга алат:

Биринчи бѳлүк – коомдук финансы. Мисалы:

 

  1. Коомдук жыргалчылык
  2. Мамлекеттик бюджет
  3. Салык боюнча жеӊилдиктер
  4. Мамлекеттик сатып алуулар

 

 

Экинчи бѳлүк — жеке финансы боюнча ачык маалыматтар: банктар, насыялар, корпоративдик финансылык камсыздандыруулар, ошондой эле инвестициялык рыноктун катышуучулары дагы журналисттик иликтѳѳ үчүн жакшы тема боло алат.

Сүрѳттүн автору: Олег Хоменок

Ишке жаӊы  киришкен журналисттерге кѳп учурда коомдук кѳйгѳйлѳргѳ байланыштуу темаларды изилдѳѳдѳн баштоо сунушталат. Мисалы, билим берүү, саламаттыкты сактоо, коммуналдык кызматтар, аз камсыз болгондорго жѳлѳк пул, мамлекеттик социалдык программалар ж.б. чѳйрѳлѳрдѳ иликтѳѳ жүргүзгѳн жакшы. 

Журналисттик иликтѳѳнүн дагы бир талабы болуп, гипотезанын болушу жана аны далилдѳѳ эсепетелет. Гипотеза — бул жеке иликтѳѳсүнүн жүрүшүндѳ далилдеп чыккан же жокко чыгарган божомолдоо, түшүндүрүү же ырастоо. Гипотеза субъектти жана иликтѳѳ процессин тактайт. Ал Ким? Эмне? Кантип? Эмненин натыйжасында? Мыйзам бузуунун себеби эмнеде? Кесепети кандай? деген суроолорго жооп бериши керек.

Теманы ачуу үчүн ачкыч суроолорду түзүп алуу абзел. Суроолорго алынган жооптор гипотезабызды  далилдѳѳгѳ же тѳгүндѳѳгѳ негиз болот. Маалыматтык суроолор далилдерди чогултууга жардам берет. Андан ары тема боюнча ой-пикирлер менен түшүндүрмѳлѳрдү топтоо үчүн зарыл болгон баалоочу суроолорду түзѳбүз. 

Журналисттик иликтѳѳнүн кийинки бѳлүгү – маалымат булактары. Коюлган суроолорго жооп табууга жардам бере турган адамдар кимдер экенин жана аларды кайдан тапса болорун аныктап алабыз. 

Маанилүү маалыматы бар кишилерге кошумча, документтер, уюмдар, социалдык тармактар, архивдер, маалымат базалары, массалык маалымат каражаттары да маалымат булагы боло алат. 

Материал чогултуунун ыкмалары да журналисттик иликтѳѳнүн маанилүү бѳлүгүн түзүп,  тѳмѳнкү бѳлүмдѳрдү камтыйт:

– Жеке байкоолор

– Документтерге мүмкүндүк алуу

– Кишилерден интервью алуу

– Изилдѳѳлѳр, аналитика жана диагностика.

Бардык нерсени билгенден кийин гана башкы интервьюга барабыз. Башкы интервьюну ѳткѳрүүнүн максаты  – иликтѳѳнүн негизги каарманынын түшүндүрмѳлѳрү менен комментарийлерин алуу.

Керектүү маалыматтардын баарын таап, башкы интервьюну ѳткѳргѳн соӊ, текстти вёрсткалоо, тариздѳѳ жана редакциялоо иш-аракеттерине киришебиз. 

Журналисттик иликтѳѳбүз аягына чыккандан кийин, даяр материалды жарыялоодон мурун аны юридикалык экспертизадан ѳткѳрүү талап кылынат. Укуктук экспертиза журналист үчүн да, ал эмгектенген же иликтѳѳсүн жарыялаган ММК редакциясы үчүн да коопсуздук кепилдиги болуп саналат. 

Журналисттик иликтѳѳ жүргүзүүдѳ негизги сунуштардын бири болуп, архивди сактап коюу эсептелет. Топтолгон материалдардын кийин жардамы тийип калышы мүмкүн. Мындан тышкары, иликтѳѳнүн каарманы сотко кайрыла турган болсо, колдогу материалдар  силерге далил болуп бере алат.

Ооба, иликтѳѳчү журналист иш-аракетинин жүрүшүндѳ мындай кѳйгѳйлѳргѳ дуушар болушу мүмкүн. Башкача айтканда, журналистке карата кылмыш же административдик иш козгоо коркунучу болушу ыктымал.

Муну менен катар эле, журналисттин беделине, жумушуна же ден соолугуна, ал тургай ѳмүрүнѳ зыян келтирүүгѳ байланыштуу коркутуулар болгон учурлар арбын. Потенциалдуу коркунучтарды минималдаштыруу үчүн ар бир иликтѳѳчү журналист иликтѳѳ жүргүзүүдѳ  жогоруда белгиленген схема боюнча иш-аракет аткаруу керек экендигин эсинен чыгарбоого тийиш. 

Кошумча адабият: Учебные пособия для журналистских расследований (Журналисттик иликтѳѳлѳр үчүн окуу куралдары) (Автор: Марк Ли Хантер, IWPR тарабынан  2015-жылы кайра басылып чыккан)

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу