Жүктөө
Басып чыгаруу

Икбол Исаков: социалдык тармактар үчүн видеону кантип даярдаш керек?

YouTube’дун статистикасына ылайык, тармак мүнѳтүнѳ 300 видео жүктѳйт жана күнүнѳ 5 миллиарддан ашык видео кѳрүлүп чыгат. Мындай ири агымдын ичинде видеоӊор жоголуп кетпѳѳсү үчүн эмне кылышыӊар керек? 

Биз силер менен социалдык тармактар үчүн видеону кантип тартуу зарыл экендиги боюнча практикалык кеӊештерди карап чыгабыз. Мындай чечим үчүн кѳптѳгѳн факторлор негиз боло алат.

Биринчиден, видеонун темасы. Бул тема аудитория үчүн канчалык кызыктуу боло алат? Ошондуктан, видеону тартуудан мурда анын кимге арнала тургандыгын билүү маанилүү.  Аудитория жѳнүндѳ жакшылап ойлонуп кѳргүлѳ. Видеону кимдер кѳрѳт? Силер тандап алган аудитория үчүн кандай темалар кызыктуу болушу мүмкүн? Алардын видеону кѳрүүлѳрү үчүн эмне түрткү болушу ыктымал? 

Видео абдан узун болбоого тийиш. Колдон келишинче кыска кылып тартуу абзел.

Кѳӊүл бургула

Азыркы күндѳ жаӊылык агенттиктери болжол менен 1 мүнѳттүк видеолорду чыгарышат. Биринчиден, аудитория үчүн бир мүнѳттѳн кѳпкѳ созулган видео  абдан эле узун – аны аягына чейин кѳрүп чыгышпайт. Темага кызыккан кишилердин саны ѳтѳ кѳп эмес экендигин эске ала турган болсок, башка кѳпчүлүк бѳлүктүн бул видеого таптакыр кѳӊүл бурбай тургандыгын айта алабыз. Анткени, узун видеолордун мегабайты оор болот. Аудиториянын интернет трафиги чектелүү. Алар мегабайттарын керексиз нерсеге коротууну каалабайт. 

 

Арткы фондогу үнгѳ ѳзгѳчѳ кѳӊүл бургула. Видеого жаӊырыктар же чоочун үндѳр тоскоол болбоого тийиш. 

Видеону жаздыруу процессине келели.

Абдан маанилүү! Эч качан видеону тигинен тартпагыла.

Телефонду вертикалдуу эмес, горизонталдуу кармагыла!

Фото: engadget.com

Эмнеге? Себеби, үйдѳгү телевизор вертикалдуу эмес, горизонталдуу! Силер кинотеатрдасыӊар. Ал жердеги экран дагы горизонталдуу. Вертикалдуу эмес. 

Телефонду бекем кармагыла. Ал кыймылдабашы керек. Колдон түшүп кетүүсү тууралуу кеп дагы болушу мүмкүн эмес. Айрыкча, түз алып берүү учурунда. Силер видео кѳрүп жатканда капталынан жатып калган же болбосо колунан түшүп кеткен телефон менен тартылган сапатсыз кѳрүнүштѳрдү кѳрүүнү каалабайсыӊар да? 

Эгер силер видео тартууга олуттуу киришүүнү чечсеӊер, анда телефонуӊар үчүн штатив сатып алганыӊар оӊ. Штатив камерага тартуу учурунда телефондун бир калыпта кармалып турушун камсыздайт. 

Силердин артыӊарда кѳзүӊѳр барбы? Мисалы, менде жок.

Ошондуктан, селфи-видео жаратууда бардыгы ѳз ордунда экенин жана ашыкча нерселердин болбогондугун текшергиле. Силер мыкты видеону тартышыӊар мүмкүн. Бирок, диванда жаткан байпагыӊар аракетиӊерди текке кетирип коюушу ыктымал.

Силер тандаган фон видеонун темасына шайкеш келүүгѳ тийиш. Эгер физика жѳнүндѳ видео тартып жатсаӊар, арткы планда тема менен байланыштуу буюмдар болушу керек. Дүйнѳнүн саясий картасы бул жерге туура келбейт.

Башка бир адамды видеого тартуу процессинде деле ушул эле эрежелер колдонулат. Эӊ негизгиси, ага ѳзүн видеого тартып жатканыӊарды эскертип коюуну унутпагыла!

Тартылган видеону редакциялап чыкса болот. Тактап айтканда, ашыкча жерлерди кесип салуу, эффект кошуп коюу мүмкүн. Аудио жаздырып, аны видеого же сүрѳткѳ кошуп коё аласыӊар.

Бул үчүн кѳптѳгѳн атайы программалар бар. Мисалы, Kinemaster, Vivavideo, InShot, Quik Video Eitor жана башкалар. Булардын баары бир эле максатта колдонулат.

Программалар кандай иштей тургандыгы, видеону кантип ѳзгѳртүү керек экендиги жѳнүндѳ кѳп сандагы видеосабактарды таба аласыӊар.

Ошол эле учурда, кѳбүрѳѳк аудиторияга ээ болуш үчүн видеолор менен иштѳѳнү жакшы билишиӊер керек. Мен социалдык тармактарга жайгаштырыла турган видеолорду даярдоодо зарыл болгон кээ бир жѳнѳкѳй, бирок маанилүү аспектилер жѳнүндѳ жалпы маалымат бердим.  

Видеону мобилдик телефонго кантип орнотууга болот:

 

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу