Жүктөө
Басып чыгаруу

Инга Сикорская: чыр-чатактарды чагылдырууда тынчтыкты орнотуучу журналистика

Тынчтыкты орнотуучу журналистика же тынчтык журналистикасы деген эмне экенин, анын эл аралык практикада кандай аталарын билесиӊерби?

Бул – позитивдик журналистикабы?

Бул – бийлик кѳйгѳйдү кантип чечип жатканы жѳнүндѳ айтып берген баяндардын эсебинен чыр-чатактарды жумшартуубу?

Же бул – чагылдырып жаткан жаӊжалдын калыс хронологиясына негизделген фактылар менен пикирлердин теӊдемиби?

Жогорудагы үч суроонун бири дагы тынчтыкты орнотуучу журналистика болуп эсептелбейт. Себеби, журналистиканын бул багыты таптакыр башка принциптерге негизделген.

Тынчтык журналистикасындагы үч «БОЛБОЙТ» эрежеси:
– Чыр-чатакты жумшартууга БОЛБОЙТ; – Чыр-чатакта күнѳѳлүүлѳрдү издегенге БОЛБОЙТ; – Пикирлер менен талаптарды аныкталган факты катары тираждоого БОЛБОЙТ.

Тынчтыкты орнотуучу журналистика редакторлор менен кабарчыларга конфликттерди чагылдырууда ТАНДОО мүмкүнчүлүгүн берет. Башкача айтканда, алар аудиториянын конфликтке карата зомбулукчул эмес реакцияны карап чыгуусун камсыздоо үчүн кайсы фактыларды жана кандай контекстте берүү туура боло тургандыгын чече алат. Жаӊжалдар медиалардагы күндѳлүк жаӊылык билдирүүлѳрүнүн негизги бѳлүгүн ээлейт жана эл зордук-зомбулук жѳнүндѳгү маалыматты тынчтыкты сактоо үчүн  иш-аракеттин стандарттуу багыты сыпатында кабыл алып, түшүнѳт.

Бул болсо, маалымат ресурстарында алдыӊкы орундагы сенсациялуу жана согуш жѳнүндѳ жаӊылыктарга суроо-талап менен бирге, тынчтыкты орнотуучу журналистиканын ролу да ѳсүп жатканын түшүндүрѳт. Журналисттер бейпилдик демилгелерин жаратуу үчүн коомдук пикирди пайда кылуу менен чыр-чатактын, согуштун же зомбулуктун ар кандай перспективаларын түшүнүү максатында  изилдѳѳ, талкуулоо жана диалог түзүү кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүүгѳ тийиш.

Тынчтык журналистикасы – редакторлор менен кабарчылар коомго чыр-чатакка карата зомбулукчул эмес реакцияны карап чыгуу мүмкүндүгүн берүү максатында аудиторияга кайсы окуяларды жана кандай жол менен билдирүү керектигин тандоосу.

Эл аралык журналистиканын тарыхында ММКлар чыр-чатактарды козутуу боюнча айыпталган учурлар да бар. Кѳбүнчѳ бул же конфликттик абалды туура эмес чагылдырууга, же жеткилеӊ текшерилбеген маалыматка байланыштуу.

Ошондуктан, тынчтыкты орнотуучу журналистиканын принциптерин түшүнүү этнос аралык, конфессия аралык, бир диндин ичиндеги, топтор аралык жана социалдык конфликттер сыяктуу эӊ татаал маселелерди чагылдырууда чыгармачыл ык-амалдарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Тынчтык журналистикасынын аспаптары тѳмѳнкү маселелерди чагылдыруу үчүн колдонулат:

  • этнос аралык
  • конфессия аралык
  • бир диндин ичиндеги
  • топтор аралык
  • социалдык чыр-чатактар.

Тынчтык журналистикасынын принциптери:

Тынчтыкка багыттуулук

Биринчи жана эӊ негизги эреже: эгер силер жогорудагы конфликттердин бирин чагылдырып жатсаӊар, анда проблеманы  тѳмѳнкү 3 негизги аспект боюнча изилдеп чыгуу зарыл:

а) бул конфликттин тараптары кимдер

б) чыр-чатактын ар бир тарабынын максаттары эмне

с) тараптарды чырга алып келген эмне кѳйгѳйлѳр бар.

Элден чыр-чатактар алардын күнүмдүк жашоосуна кандай таасирин тийгизгенин, кандай ѳзгѳрүүлѳр болушун каалаганын, лидерлеринин позициясы жалгыз жана мыкты натыйжа болуп-болбогонун сурагыла.

Ошондой эле, тараптарды алардын лидерлерине гана цитата келтирип сыпаттабагыла.

Бул эрежелерди сактоо менен, силер конфликттин эки тарабы үчүн бирдей баяныӊардын «оӊуштуу» деп аталган жалпы бейпил багытын пайда кылып, аны чечүү үчүн талкуу жарата аласыӊар. Мындай иш-аракетиӊер менен чырдашкан эки тарапты бирдей карайсыӊар,  репортажыӊарда экѳѳ теӊ «жеӊишке жете алат». Ошентип, балансты камсыздаган болосуӊар.

Мисалы, кишилердин социалдык топторунун: шаардын кичи райондорундагы парк аймагына жакын кѳп кабаттуу үйдѳ жашаган, жер, экология үчүн күйүп-бышкан  жарандар менен базарда иштеген, жеке турак-жайлары жок, медициналык кызматтар жеткиликтүү болбогон ички мигранттардын ортосунда чыр чыкты. Алар балдарын алып барып, дарылатып турчу оорукана жакын жерде орун алгандыктан, парктын аймагына жайгашып алышты. Кичи райондун тургундары буга каршы чыгып, ортодо чыр-чатактар башталды.

Аудиторияда ар бир тараптын муктаждыктары боюнча күмѳн саноолор болбошу үчүн силер бул эки проблеманы теӊ бирдей даражада кѳрсѳтүүгѳ тийишсиӊер. .

Баяныӊардын  оӊуштуу багыты ошондой эле кѳӊүлдү конфликтке буруу жана келип чыгуусу мүмкүн болгон КѲРҮНБѲГѲН кесепеттердин алдын алуу максатында жаӊжалды проблема катары карап чыгуу үчүн ачык мейкиндикти түзүү дегенди да билдирет. Кѳрүнбѳгѳн кесепеттерге оору, травма, зордук-зомбулук, структуралык, маданий, экологиялык зыяндар кирет.

Фактыларга багытталуу

Иш-аракеттеги экинчи принцип – бул фактыларга гана багытталып, бардык тараптардын калпын чыгаруу жана кыйдылыктардын бетин ачуу. Фактыларга багытталууда ар бир тараптан бирдей кѳлѳмдѳ маалымат алып, аларды текшерип чыгышыӊар керек.

Бизде мисалы үчүн, кандайдыр бир социалдык конфликтти иликтѳѳдѳ  кыйдылык катары, жаӊжалдын тараптарынын артында турган жана таптакыр башка максаттарды кѳздѳгѳн кээ бир адамдар же саясий күчтѳр; балким кайсы бир олигархтардын коммерциялык кызыкчылыктары аныкталып чыгышы мүмкүн. Мунун баарын фактологиялык маалыматтарды издѳѳ жана салыштыруу жолу менен анализдеп чыгуу талап кылынат.

Массаларга жана катардагы кишилерге багытталуу

Тынчтык журналистикасындагы үчүнчү эреже – бул массаларга жана катардагы кишилерге багытталуу.

Маргиналдуу топтордун, азчылыктардын сѳздѳрүн уккула, алардын ичинен кайсы тарапка тиешелүү экендигине карабастан, «тынчтыкты орнотуучуларды» тапкыла. Репортажыӊар кандай таасирге ээ болорун ошондо кѳрѳсүӊѳр.

Жеке практикаман бир мисал келтирейин.

Июнь коогалаӊы учурунда Оштун борбордук кѳчѳлѳрүнүн бири . Фото: Инга Сикорская/IWPR

2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндѳ болгон этнос аралык жаӊжал учурунда мен ал жакка барып, окуя болгон жерден материал даярдап жатканда, жѳнѳкѳй элдин ичинен ѳздѳрүнүн тобунда кадыр-барктуу, чатакташкан тараптарды жараштыруу үчүн чечкиндүү лидерлердин потенциалдуу тибин бѳлүп чыктым. Алар чатакташкан тараптардын ичинде жашаган, бирок эки жак менен теӊ бирдей сүйлѳшүп, аларды кѳндүрѳ алган кишилер болчу. Кан тѳгүлгѳн абалды жѳнгѳ салуу боюнча аракеттерин байкап, ѳзүм үчүн эске алып койдум. Кийин, алар менен маектешип, «Кыргызстанда калыӊ элге күчү жеткен эр азаматтар» деген аталыш менен материал жаздым. Корутунду катары, зомбулукту эскалациялоону токтотуу үчүн ортомчулук ык-амалдарды колдонуу сунушталган. Натыйжада, тынчтыкты орнотуучу материалда кайраттуу жарандарга жасалган басым аудиториянын кѳӊүлүн тынчтыкты сүйгѳн коомго бурууга, ал эми бийликтегилерге  – жаӊжалды токтотуу боюнча жердик демилгелердин күчүн кѳрсѳтүүгѳ жардам берди

Чечимге багытталуу

Тынчтык = зомбулуксуздук + чыгармачылык.

Ошентип, биз тынчтыкты орнотуу журналистикасынын ЧЕЧИМГЕ БАГЫТТАЛУУ деп аталган тѳртүнчү принцибине келип жеттик. Бул болсо, биз баяныбызда Тынчтык = зомбулуксуздук + чыгармачылык  деген формуланы кеӊири колдоно алабыз дегенди түшүндүрѳт.

Ѳзүӊѳргѳ «Конфликтти деэскалациялоого жардам бериш үчүн эмне кыла алам?» деген маанилүү суроону бергиле.  Тактап айтканда, жаӊжалдын масштабын кичирейтүү, чыӊалууну азайтуу, тынчтык процессине ѳтүү. Бул чындап эле эӊ сонун милдет эмеспи! Чыгармачылыктын аудиторияга чагылдырылып жаткан окуянын кѳрүнбѳгѳн жактарын кѳрсѳтүүдѳ экендигин түшүнүү менен жооп түзгүлѳ. Бул принципти ишке ашыруу ыкмаларынын бири болуп, «карама-каршы тарапка жетүү» эсептелет. Кесипкѳй журналисттер эки тарап үчүн жалпы мааниси бар нерселер жѳнүндѳ окуя, баяндарды табуу аркылуу чатакташкан тараптардын ортосундагы барьерлерди жеӊип чыгууга жардам бере алышат.

Дискуссиялар чыр-чатактар менен талаш-тартыштарды компромисстик чечүүгѳ жол ачат. Фото: IWPR

Мисалы, буларга экологиялык проблемаларды чечүүдѳгү жалпы ык-амалдар, бизнестин келечеги, саламаттыкты сактоо кызматтарына мүмкүндүк алуу же айыл чарба иш-аракеттерин жүргүзүүнүн жаӊы ыкмалары кириши мүмкүн. Ал эми баяндар эки жак теӊ бѳлүшѳ турган чечимдер тууралуу айтып берүүгѳ тийиш.

Жогорудагы шаардыктар менен ички мигранттардын ортосундагы социалдык конфликттин мисалында кѳп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын арасынан ички мигранттар менен алардын маселелерин чечкен жана түрдүү себептерге байланыштуу мигранттар бара албаган ведомствонун ортосунда  арачы боло турган кадыр-баркка ээ лидерди таап чыгууга болот. Ички мигранттардын парк аймагына жайгашуусу  –болгону конфликттик аспап!

Тынчтыкты орнотуучу журналистика конфликтке сезимтал окуяларды чагылдыруудагы негизги – тараптарды сыпаттоодо эч качан кастык тилин колдонбоо эрежесин катуу сактайт.

Кишилер кабылган окуяны сүрѳттѳп берүү үчүн эмоционалдык сѳздѳрдүн туура эмес колдонулушуна ЖОЛ БЕРБЕГИЛЕ.

“Геноцид”- бүтүндѳй элди жок кылуу.
“Трагедия” – бирѳѳнүн катасы же алсыздыгы ѳлүмгѳ алып келген драманын формасы.

“Кыргын” – куралсыз жана коргоосуз кишилерди атайылап ѳлтүрүү.

“Бузук”, “таш боор”, “ырайымсыз” “варвардык” террорист, фанатик, экстремист, фундаменталист.

Бул жек кѳрүүчүлүк лексикасы карама-каршы тараптын сүрѳттѳѳсүндѳ гана колдонулат. Ал эми журналист мындай  тилди колдонсо, анда тараптардын бирин жактап жаткан болот. Башкача айтканда, объективдүүлүк менен калыстык сакталбай калат.

Кѳнүгүү


Эми тынчтыкты орнотуучу журналистиканын элементтери боюнча салыштыруу кѳнүгүүсүн аткарып кѳргүлѳ. Эки жаӊылыкты анализдеп чыгып, алардын кайсынысы тынчтыкты орнотуучу журналистиканын моделине туура келерин аныктагыла. Себебин кѳрсѳткүлѳ. Муну түшүнүү үчүн ѳзүӊѳргѳ берген суроолордун тизмесин түзгүлѳ.

Скачать упражнение миротворческая журналистика

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу