Жүктөө
Басып чыгаруу

Маалымат баш аламандыгы же жалган маалымат деген эмне?

Бүгүнкү күндө маалыматтын башаламандыгы эмне үчүн көйгөй болуп жаткандыгын, кимдер жалган маалыматты жаратат жана аны ким таркатып жаткандыгы жана жөнүндө билесиз.

Spoiler/Спойлер
Киришүү

Салам, маалымат баш аламандыгы же жалган маалымат жѳнүндѳгү видеого кош келиӊиздер.

Социалдык тармактарда мурдагыга караганда жалган маалымат кѳбѳйүп кетишинен улам, бүгүнкү күндѳ бул ѳтѳ маанилүү тема болууда. Ѳзгѳчѳ, учурда коронавирус пандемиясына байланыштуу туура эмес кабарлар да тез жайылууда.
Ошондуктан, журналист катары ѳнүктүрүп, бекемдей турган чындап эле маанилүү кѳндүм катары, маалыматты текшерүү ыкмаларын эсептейм.
Бул курста мен силерге жалган маалыматтын типтери тууралуу айтып берем. Мындай маалыматтарды жараткан кишилерди аныктоо жана мотивациялоо сыяктуу абдан маанилүү нерселер бар. Мындан тышкары, сак болууну талап кылган, билүү керек болгон учурлар, ошондой эле маалыматты текшерүүнүн ыкмалары, кѳбүрѳѳк маалыматты кайдан алууга боло тургандыгы жѳнүндѳ айтып берем. Булардын баарын билишиӊер керек деп эсептейм.
Кандайча тарайт?

Эмне үчүн бүгүнкү күндѳ маалымат башаламандыгы чоӊ кѳйгѳйгѳ айланды? Социалдык медиалар вирус сымал жайылууда, маалымат ѳтѳ тез тарап жатат, баарын кѳзѳмѳлдѳѳ кыйын, кайсынысы ушак, кайсынысы жалган маалымат экенин билбей калабыз. Мунун баары эмнеден башталат?

Кѳп учурда баары дарк-вебден, анонимдүү тармактан башталат.

Анан Reddit же YouTube сыяктуу платформаларда жана кутум теориясы боюнча топтордун арасында жайылат. Андан кийин социалдык тармактарга таратышат. Ал эми жалган маалымат социалдык тармактарга чыкканда, токойдогу ѳрт сымал ѳтѳ тездик менен тарап, вирустуу болуп калат.

Массалык маалымат каражаттары, салттуу массалык маалымат каражаттары маалыматты кѳрүп, ал тууралуу билдирүүлѳрдү жайгаштыра баштайт. Мындан абайлаш керек, балким бул кабар конкреттүү бир платформадан сырткары чыкпоого тийиш болчу, ал эми ММКлар ал тууралуу билдирүү таратып, жаӊы аудиторияга чыгарышат.
Ошондуктан, маалыматты текшерүүдѳ, ал тууралуу кабарлоодо, анын бетин ачууда абдан сак болушубуз керек. Журналист катары биздин эӊ башкы милдетибиз – фактыларды гана берүү жана баарын текшерип чыгуу.
Аныктама

Ошентип, маалымат баш аламандыгынын кандай түрлѳрү бар?

Ар түрдүү аныктамалар бар. Туура эмес маалымат атайы таратылбашы мүмкүн. Бирѳѳнүн катасы болуп калат, күндү туура эмес кѳрсѳтүп, окуяны же бир нерсенин контекстин туура эмес сыпаттап коюшу ыктымал. Сапатсыз котормо же болбосо контексттен чыгарылган бир үзүндү  болуп калат. Кыскасы, атайылап жайылтуу кѳздѳлбѳгѳн учурда тарап кетиши мүмкүн.
Экинчиси – биле туруп даярдалган материалдар. Буларга кадимки же дип-фейктер кириши мүмкүн, же болбосо кимдир-бирѳѳ атайылап эле видеоконтенттин бир бѳлүгүн манипуляциялайт.
Үчүнчүсү – бул маалыматтын чыгып кетүүсүнѳн пайдалануу. Аны белгилүү бир адамга же топко кѳйгѳй жаратуу максатында жайып жиберишет. Мисалы, жек кѳрүү сѳздѳрү же асылуу, же болбосо ушуга окшош иш-аракеттер. Ошентип, жалган маалыматтын кѳп түрлѳрү бар. Силер аны жараткан адамга кѳӊүл бурууга тийишсиӊер.
Буларды ким жана эмне үчүн жаратат?

Жалган кабарларды ким пайда кылат жана ким жайылтат? BBC (Би-би-си) муну аткара турган кишилердин жети тибин аныктап чыккан.

Биринчи кезекте пранкстер (тамашакөй) деген бар. Анан джокер – тамашаны чыгарып коет. Тамаша тарайт, көргөн адамдардын баары эле тамаша экенин түшүнө бербейт. Ошентсе да көӊүл ачуу жана сатира максатында андан ары жайылта беришет. Ал эми кээ бир учурда тамаша иретинде экенин билбей туруп эле, жайып жиберишет.

Кийинкиси – атайылап эле фейк маалыматты жараткандар. Бул өзүн врач деп көрсөткөн калпычы болушу ыктымал. Же болбосо элден акча алууну көздөгөн, мисалы коронавирустан айыктырам деп акча чогулткан алдамчы болушу мүмкүн.  Ар кандай кризис учурунда башкалардын абалынан пайдаланып, капчыгын толтуруп кетүүнү каалагандар абдан көп. Демек, алдамчылар – бул экинчи тип.
Үчүнчү тип – саясатчы. Саясатчылар жалган маалыматтарды өз максаттарына жетүү жана бийликке ээ болуш үчүн жаратышат. Чынында, пропагандага эч кандай деле жаӊы нерсе кошулган жок. Кылымдар бою келе жаткан нерсе. Мисалы, бул Дональд Трамптын «Коронавируска каршы дезинфекциялоочу каражат катары агарткычты ичсе болобу?» деген суроосу сыяктуу. Жогорку макамга ээ адамдын мындай маалыматты айтканы абдан эле кооптуу. Ошондуктан, саясатчы же жогорку кызматтагы кимдир-бирөө бийликке жетүү максатында туура эмес маалымат таратышы мүмкүн.
Кезектегиси – конспиролог. Силер кутум теориясы бардык жерде эле бар экенин байкабай калышыӊар мүмкүн эмес. Коронавирус кайдан чыкты? Атайын лаборатория түзүлгөнбү же 5G түйүнү менен байланыштуубу – ар кандай кутум теориялары бар.  Адамдар көп учурда  маалыматка ээ эмес, ошондуктан ар кайсыны ойлоп чыгара беришет. Бул – көйгөйлөрдүн бири.
Ал эми кийинки тиби – инсайдер.  Бир нерсени тереӊ билген адам. Ал ооруканадагы белгисиз врач болушу мүмкүн. Лабораторияда иштеген адам болушу ыктымал. Же өкмөттүк чиновник болушу да мүмкүн. Бирок бул адамдардын бирөөсүнүн да ысымы аталбайт, ал эми аталса да, чыныгы ысымдары эмес. Демек, бул –жалган атак менен жүрүүчү адам же инсайдер, билимдерге ээмин дейт, бирок чындыгында эч нерсе билбейт.
Кийинкиси – кайсы бир жакын тууганыӊар же досуӊар, же болбосо өзүнүн пикиринде пайдалуу деп эсептеген маалыматты берүү менен, силерге жардам кылгысы келген  кимдир бирөө. Булар –  бизге WhatsApp, Facebook’тан билдирүүлөрдү, маалыматтарды, электрондук каттарды  жана ушул сыяктууларды көбүрөөк жөнөткөндөр. Маселен, коронавирус бар экенин аныктоо үчүн дем тартпай туруу жөнүндөгү видео.
Ошондой эле көптөгөн катталуучулары бар атактуу же жогорку кызматтагы адам болушу ыктымал.  Аларда кандайдыр бир билимдер, атап айтканда, кеп кылып жаткан тема боюнча илимий билимдер сөзсүз бар деп айтууга болбойт. Ошондуктан алардын өздөрү билбеген  маселени талкууга алышканы да бир топ кооптуу болот.
Ошентип, бул материалды  түзгөн адамдардын, негизинен, жети  тиби бар жана алардын  ар биринин ар түрдүү аудиториясы жана ар кыл көйгөйлөрү болот.  Ошондуктан силер дайым мунун баарына байкоо салып, кандайдыр-бир маалымат алганыӊарда, аны ким жаратты, анын чыныгы ысымыбы жана айтып жаткан нерсе тууралуу өздөрү билеби деген суроолорду өзүӊөргө беришиӊер керек.
Силер эмне кылышыӊар керек

«Ким … контентти ким түзгөн» деген суроону бергенден кийин, ал оригинал же андай эмес экенин карап  көрүшүӊөр зарыл.

Мисалы, кимдир бирөө сүрөт бөлүшүп, бул кайсы бир жердеги бомбалоо экенин айтты.  Эгер силер  сүрөттү алып, аны  Google же Tin Eye веб-сайтына издөөгө койсоӊор, бул сүрөт мурда колдонулганын же өзгөртүлгөнүн көрөсүӊөр. Сүрөттүн чыныгы экенин текшерүүгө жардам берүүчү көп ыкмалар бар.
Баарыдан мурда, бул контентти көргөндө кандай сезимдерге туш келгениӊерди өзүӊөрдөн сурап көргүлө. Ал чындык болуш үчүн ага окшошуп турабы?
Сүрөттө чын эле артында семиз акула турган жигит тартылганбы?  Сүрөттү жакшылап карап, ойлонуп көргүлө:   сурөт менде коркууну пайда кылабы же ойлонуунубу.  Ой-бой, ушундай болгонуна ишенүү кыйын.  Билесиӊерби, эгер бул чындык деп айтыш  үчүн өтө эле жакшы сезилсе, анда, болжолу,  чындык эле болуп эсептелет.
Ошондуктан адегенде өзүӊөргө муну кимдир бирөөлөргө бөлүшүүнүӊ  кандай зарылчылыгы бар, бул так, чынбы, аны мен кантип далилдей алам деген суроолорду берип, ойлонуп көргүлө. Силер көӊүл бура турган дагы түрдүү нерселер болот.
Ошентип, ал жарыяланган датаны карагыла. Сүрөттөгү же видеодогу эмне экенин көргүлө. Имараттар туура жайгашканбы, адамдар кандай кийинип жүрүшкөнүн эсепке алгыла. Же көрсөткүчтөр туура орун алганбы, жолдун кайсы тарабы менен кыймылдап жатышат, пейзаж кандай. Сүрөттөрдөгү же видеодогу көмүскө маалымат бере тургандын баарын карагыла.
Андан соӊ текшерип көрсөӊөр болот –  көптөгөн инструменттер бар, алар тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн, шилтемелерин бере алам. Же болбосо  First Draft News  сыяктууларга  өтүп, курстарды, вебинарларды жана башка пайдалуу маалыматтарды кайдан табарыӊарды билсеӊер болот. Себеби «силер пайдалана турган  бир көндүм бар жана ал көндүм – текшерүү».
Жардамды кайдан алууга болот

«Акырында, кайдан көбүрөөк жардам жана маалымат алууга болот. Жалган маалымат менен күрөшкөн  көптөгөн сайттар жана уюмдар бар (визуалдык: сайттардын тизмеси).

Чындыгында эле алар кайсылар экенин  билүү жана  First Draft News,  Thomson фонтунун фактчекинги сыяктуу курстардан  өтүп коюу керек, ар бир өлкөдө бул мейкиндикте иш алып барган жана кызматташкан түрдүү уюмдар бар.

Ошону менен катар эле силер жоопкерчиликтүү болушуӊар керек.  Жөн гана,  кандайдыр бир окуяны таап алсаӊар же кайсы бир саясатчынын бир нерсе тууралуу сүйлөп жатканын уксаӊар, аларды кайталоодон мурда ойлонгула.  Анткени кайталоо бизди «мында бир нерсе бар, болушу керек,  бул чындык, муну мурда уккам» деп ойлонууга мажбурлайт.
Демек, сак болгула, бул баштапкы чөйрө чегинен сыртка таралганы же таралбаганы тууралуу ойлонуп көргүлө, эгер таралбаса, силер жайылтуучу болбошуӊар керек.  Массалык маалымат каражаттарында социалдык түйүндөрдөн бир нерселерди алып, ал тууралуу кабарлоо тенденциясы бар. Бул саясатчынын сөзу же элге таанымал адамдын айтканы болушу мүмкүн. Биз бардыгын  текшерүү жана суроолорду берүү менен, этият болушубуз зарыл.
Мындан сырткары, бир нерсенин бетин ачкыӊар келсе,  элди фактылар менен көөмп салбагыла. Биз фактылардын чоӊ көлөмүн сиӊирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз келбейт, демек,  анын туура эмес  экенин  түшүнө албайбыз. Ошондуктан силер бул туура эместигин айтып, эмне үчүн андай экенине бир-эки мисал келтиришиӊер керек. Адатта, үчтүктүн эрежесине ылайык,  биз үч гана нерсени эстеп калабыз, ал эми калганын унутуп коёбуз.
Ошентип,  бир нерсенин бетин ачып жатканда, абдан этият болгонго аракеттенгиле. 

Эске ала турган дагы бир жагдай бар, ал – бир нерсеге чындап ишенип алган адамдын пикирин эч качан өзгөртө албастыгыӊар. Мисалы, кимдир бирөө бөтөн планеталыктардын бар экенине чын дилден ишенет.  Бул өтө эле ишенимсиз мисал экенин билем,  бирок алар буга ишенип алган болсо, ишенгенин уланта беришет жана силер эч нерсени өзгөртө албайсыӊар. Бул киши бөтөн планеталыктар тууралуу  айтып жатканын уккан башка адамдар аларга фактыларды  келтиришет. Демек, бир нерсеге чындап ишенген адамдардын көз карашын өзгөртө албайсыӊар, бирок  башкалардын кабыл алуусун өзгөртсөӊөр болот. 

Демек, фактыларды так бергиле, өзүӊөр билген нерсени, ошондой эле билбеген нерсени  айкын туюндургула. Журналист болуу  кандай маанилүү болсо, бул да ошондой эле мааанилүү. Силер,  эӊ биринчи кезекте, суроолорду беришиӊер жана эмоцияӊарды эмес,  сынчыл ойломуӊарды  иштетишиӊер  керек… негизи, эмоцияӊарды деле пайдалансаӊар болот

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу