Жүктөө
Басып чыгаруу

Мария Зозуля: журналисттик аналитика кантип даярдалат?

Күн сайын массалык маалымат каражаттарына ар түрдүү тематикадагы жүздѳгѳн жаӊылыктар чыгат. Кээде ѳлкѳ калкынын турмушуна олуттуу таасир тийгизген, ѳзгѳчѳ жана кѳбүрѳѳк кѳӊүл бурууну талап кылган материалдар мына ошол ири агымдын ичинен байкалбай калат.

Бирок, окурмандардын кѳӊүлүн аларга кантип бурууга болот? Алардын маанилүүлүгүн кантип түшүндүрѳ алабыз? Токтолуп, теманы олуттуу карап чыгыш керек! Ийне-жибине чейин, деталдар, окуяга жол ачкан себеп, салыштыруу, эксперттер менен түрдүү кызыкчылыгы бар топтор аркылуу изилдеп чыгуу талап кылынат. Аналитикалык материал мына ушундайча даярдалат.

Анын жардамы менен биз, журналисттер, аудиторияга маселенин тереӊдигин гана ачып бербестен, фактылар туурасында ойлонууга, кѳтѳрүлүп жаткан маселеге чыныгы мамилесин пайда кылууга да түрткү беребиз. Эӊ мыкты натыйжа – коомдо талкуу жаратуу жана бирге чечим табуу.

Аналитика эмнеден башталат?

Албетте, тема актуалдуу жана калктын кеӊири чѳйрѳсүнѳ тийиштүү болушу зарыл. Түгѳнгүс булак – мамлекеттик структуралардын жана милдеттерин так аткара албаган, керт башынын кызыкчылыгы үчүн кызматын кыянаттык менен пайдаланган чиновниктердин иштери. Натыйжада бул элдин калыӊ катмарынын жашоосунун сапатына олуттуу таасирин тийгизет.

Тѳмѳнкүлѳрдү дагы негиз катары алууга болот:

  • Аналитикалык отчёттор
  • Докладдар
  • Эл алдында айтылган сѳздѳр
  • Жыйынтык релиздер
  • Сурамжылоолор
  • Мониторингдин натыйжалары
  • Статистика жана расмий кѳрсѳткүчтѳр

Андан кийин теманы тереӊ изилдеп чыгууга киришебиз. Канчалык сүӊгүп кирип, жакшылап изилдеп чыксак, материалыбыз ошончолук мыкты болот.

Жеке практикамда мындай амал колдоном: расмий булактар менен статистиканы изилдѳѳдѳн мурун, атайы форумдарга катышам, социалдык тармактардагы талкууларды карап чыгам. Элди кѳп ойлондурган пикирлерди, таламдарды, нюанстарды бул жерлерден так аныктап алууга болот. Чынында, бул максаттуу аудитория менен таанышып чыгуу болуп эсептелет. Ушул эле жерде материалыбыздын иллюстрациясы үчүн «каармандар», тар чѳйрѳдѳгү адистер да бар.

Мындан тышкары, социалдык тармактарда жеке сурамжылоо да жүргүзѳ аласыӊар. Кишилер кызыктуу комментарийлерди кѳп калтырып, проблеманы ар кандай жана күтүүсүз жактардан карап чыгууга жардам беришет.

Андан ары эксперттерди издѳѳ баскычына ѳтѳсүӊѳр. Эӊ мыкты вариант – ыкка кѳнбѳгѳн оппоненттерди табуу. Алар бири-биринин далилдерин жокко чыгарууга аракет кылгандыктан, силер үчүн баалуу маалымат булагы болуп берүүсү анык. «Суунун түбүндѳгү таштар» калкып чыга баштагандыктан, журналист үчүн бул абдан пайдалуу.

Аналитикалык макаланын структурасы

Аналитикалык материалдын структурасы кантип түзүлѳт?

Бардыгы лид менен башталат. Бул макаланын презентациясы десек болот. Лидде биз проблеманын мазмунун кыскача берип, анализде негиз катары колдонула турган фактыларды кыскача атап чыгабыз. Муну менен окурманды проблеманы туура кабылдоого багыттай алабыз.

Андан кийин текшерилип, тастыкталган фактылар менен пикирлерди, цитаталарды жайгаштырабыз.

  • Салыштыруулар
  • Тенденциялар
  • Кѳрсѳткүчтѳр
  • Эксперттердин пикирлери

Бирок, аналитикадагы эӊ маанилүү нерсе – эӊ аягында берилген жыйынтыктар. Материалдын корутунду бѳлүгүндѳ фактыларды анализдѳѳнүн негизинде келип чыккан божомолдор менен сунуштар орун алат.

Фактылардын баарын бир мааниге байланыштырган логикалык чынжырча канчалык так жана ачык түзүлсѳ, окурманды бул жыйынтыктардын туура экенине кѳндүрүү ошончолук оӊой болот.

Аналитиканын милдеттүү элементтери

Биринчи кезекте, бул проблеманын ар тараптуу анализи болуп саналат. Мында ага карата бир нече кѳз караш менен пикирдин болуусу абзел. Кызыктуу жана беделдүү инсандардын ой-пикирлерин чогултуу зарыл.

Респонденттериӊердин сѳзү менен кѳйгѳйдүн кесепеттери, мурда эч кимге белгилүү болбогон кызыктуу фактылар жѳнүндѳ айтып бергиле.

Материалыӊарды сѳзсүз визуалдык элементтер – графикалар, сүрѳттѳр, сүрѳттүү слайдерлер, видеографикалар менен толуктагыла.

Маанилүү учур: окурмандарыӊарга текшерилип, тастыкталган гана маалыматтарды тартуулагыла. Бул болсо, сандардын баары теӊ так жана далилдүү болууга, тезистер фактылар, статистика менен бекемделип кѳрсѳтүлүүгѳ тийиш дегенди түшүндүрѳт.

Эч качан так эмес маалыматтарга жол бербегиле.

Кайсы стилде жазыш керек?

Кесиптик ишмердүүлүгүмдүн жүрүшүндѳ негизги эки эрежени бѳлүп чыктым: аудитория менен ага түшүнүктүү болгон тилде сүйлѳшүү керек. Дүйнѳдѳгү татаал нерселердин баарын жѳнѳкѳй сѳздѳр менен түшүндүрүп берүү мүмкүн. Бул жыйынтыктар менен ой-пикирлерге карата ишенимди пайда кылат. Терминология менен аша чаап кетпегиле – бул илимий доклад эмес.

БИРОК! Муну менен бирге, эч качан тексттерди акылсыз жана сабатсыз кишилерге жазып жаткан сыяктуу жазбагыла.  Окурмандарыӊар мындай мамилени эч качан кечирбейт. Тескерисинче, силер аларга жакын болууга тийишсиӊер.

Тактап айтканда, белгилүү бир теӊдемди табуу зарыл: кооз кылып жазгыла, татаал жана узун сүйлѳмдѳрдү колдонбогула. Бирок, ошол эле учурда кызыктуу тил менен жазгыла. Жарым бетти ээлеген сүйлѳмдѳрдү колдонбогула жана аналитикаӊарды кызыктуу кылып түзгүлѳ.

Тексттин кѳлѳмү

Аналитиканын ѳзү эле тексттин белгилүү бир кѳлѳмүн талап кылат. Ошентсе да, узун тексттерди окуганды эч ким жактырбаганын баарыбыз жакшы билебиз. Мен мындай кеӊеш берем: алгач топтолгон материалдын баарын жазып чыккыла. Анан ѳзүӊѳрдү окурмандын ордуна коюп кѳргүлѳ: алдыӊарда тургандын баарын аягына чейин окуп чыгат белеӊер? Ошондон кийин кыскарта баштагыла.

Текстти аябагыла: бул жерде кѳлѳм эмес, андагы маалымат маанилүү.

Жыйынтык материалды темачалар жана тизмелер менен тариздѳѳнү сунуштайм. Бул дагы визуалдуу түрдѳ текстти жеӊилдетет.

Тѳмѳнкү учурларда мыкты аналитика жаралган болот:

  • Тема актуалдуу
  • Тезистер менен суроолор так формулировкаланган
  • Тереӊ анализ жасалып, логикалык жактан туура куралган
  • Булактар ишенимдүү
  • Маалымат ырааттуу берилген, темачалар бѳлүнгѳн
  • Логикалык каталар жок
  • Материал коюлган суроого жооп берет

Кошумча адабият:

Ѳзгѳрүүлѳр үчүн репортаждар: Кризистик аймактардагы жергиликтүү журналисттер  үчүн IWPR колдонмосу (Репортажи во имя перемен: Руководство IWPR для местных журналистов в кризисных регионах (на русском)

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу