Жүктөө
Басып чыгаруу

Мээрим Асаналы: Радиорепортаж жаратуу техникасы. Иштѳѳдѳгү негизги принциптер

Радиоматериал даярдоо үчүн алгач репортаж эмне экенин билип, түшүнүшүбүз керек. Репортаж – окуя болуп жаткан жерден берилген жаӊылык, башкача айтканда, силер аудиторияӊарга болуп жаткан окуяны ошол жерден түз жеткиресиӊер. Радиоматериалдарда бул абдан маанилүү, анткени жазылган интершум жана үндѳрдүн атмосферасы менен «катышуу таасирин» бере аласыӊар. Угуучуларыӊар кѳзүн жумуп, ѳзүн жаныӊарда жүргѳндѳй сезиши керек.  

Радиорепортаж даярдоодогу маанилүү пункттардын бири – бул силердин үнүӊѳр: окуяны баяндап, репортаждын катышуучулары менен тааныштырган жана интервьюга ѳткѳргѳн негизги үн. Радиожурналисттин үнү, «сүрѳтү» болбогондуктан, угуучуга жол кѳрсѳткүч болууга тийиш. Силердин үнүӊѳр, интонацияӊар, тыныгуулар менен басымдар аркылуу угуучу репортажыӊарды «сезип чыгышы» керек. Эӊ башкысы – угуучу силер айтып жаткандарга кулак түрүүсү зарыл.

Интервьюнун фрагменттери – бул репортажыӊардын негизи. Угуучу үзүндүлѳрдү угуп эле материалдын маанисин түшүнѳ алат.  

Радиорепортаждын негизги компоненттери:

Үн коштоосу: интершум (окуя болгон/репортаж алынган жерден топтолгон табигый үндѳр) окуянын атмосферасын берип, образдарды элестетүүсү үчүн угуучуну эмоцияга чѳмүлүүгѳ түртѳт. Бул репортажды жакшыраак кабылдоого жардам берет. Ошондой эле интершум катары музыканы да колдонууга болот. Кѳп журналисттер үндѳрдү/интершумду топтоого маани беришпейт. Алар интервьюларды эле чогултуп, тексттерди жазышат жана эӊ негизги нерсени – ар бир багыттын ѳзүнѳ таандык маалымат жеткирүү техникасы бар экенин унутуп коюшат. Телевидение үчүн видео кадрлар кандай керек болсо, радио үчүн үндѳр да ошондой керек. Эгерде үн жок болсо, анда радиосюжет даярдоонун деле зарылчылыгы болбойт.   

Келгиле, бир мисалды карап кѳрѳлү: шаардын типтүү базарын элестетели.

Базардын иштѳѳсүнүн интершумун тѳмѳнкүдѳй кылып чогулта алабыз:

– кишилер: басып бара жаткан, соода кылып жаткан, күлүп же жѳн гана сүйлѳшүп жаткан;

– иштѳѳсү: товарларды жүктѳп же түшүрүп жаткан добуштар же арабалардын үндѳрү;

– техника: машиналар, радио түйүндүн үнү, музыка, телефондордун үндѳрү;

-табигый чѳйрѳ: иттер, канаттуулар, шамал, суунун үнү жана ушул сыяктуулар.

Базардагы үн автобекеттеги, университеттин ичиндеги же эл жыйылган жердеги үнгѳ окшош. Ошондуктан, силерге доминанттуу добуш керек, мына ошол добуш картинаны сүрѳттѳп бере алат. Эгерде силер жалпы үндѳр менен «Бадыраӊ канча? Жаӊыбы?» деген сѳздѳрдү жаздырып койсоӊор, анда бул базар экени дароо эле түшүнүктүү болот. Ал эми «Ким акыркы? Мен сизден кийин болоюн» деген сѳздѳр угулуп турса, бул кезек экендигин түшүнүшѳт. Кѳбүнчѳ интершум фондук кызмат аткарат, ал эми доминанттык добуш жерди аныктап турат. 

Мисалы, силер жүк ташуучу араба сүйрѳгѳн базардагы жумушчу жѳнүндѳ сюжет даярдап жатасыӊар. Интершум (фондук үн) сыпатында анын иш аткаруусунан: товарларды жүктѳѳдѳн, дѳӊгѳлѳктѳрдүн тегеренишинен келип чыккан, ошондой эле адамдын демиккен үнү эсептелсе, анын «Жол, жол, четке чыккыла!» сыяктуу кыйкырыктары доминанттык үн болот. Фондук үндѳрдү жаздыруу искусствосу алардын базардын жалпы атмосферасын бере алуусунда; бул добуштар  угуучунун кѳӊүлүн ѳзүнѳ бургудай ѳтѳ катуу эмес, жѳн гана атмосфераны билдириш үчүн угулуп турушу керек. 

Интершумдарды атайылап алып отурбай, мисалы үчүн кабинеттин ичинен же кайсы бир чиновникке бара жаткан коридордон чогултууга болот. Эӊ башкысы – диктофонду интервью баштап жатканда эмес, алдын ала күйгүзүп, айрым интершумдарды жолдо кетип бара жатып деле чогултуп коюу мүмкүн. 

Эсиӊерде болсун, кээде добуштар силер ойлогондон да кѳп маанини берет:

– коридордогу кымкууттун үнү жумуш катуу жүрүп жаткандыгын;

– же тескерисинче, бош коридордун үнү бардыгы ээн калганын;

– токтоосуз чалган телефондун же кишилердин чоӊ кезегинин үнү жумуш болуп жатканын;  

– силерди тосуп алуудагы чиновниктин сѳздѳрү менен добушу – анын мүнѳзүн кѳрсѳтѳт.

Бардык эле үндѳрдүн репортажда колдонула тургандыгы анык эмес, ошентсе да ар түрдүү интершумдарды чогултуп койгон туура. Бул силерге дайыма тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыздап турат жана сюжетти жакшыраак ачып берүүгѳ жардам берет.  

Негизги маек/интервью

Эми интервьюну жаздыруу тууралуу кеп кылалы.

Жаздыруу формасы боюнча интервьюну үч типке бѳлүүгѳ болот: 

– таза интервью

– бир нерсенин фонундагы интервью

– иш-аракет учурундагы интервью

Булардын ортосундагы айырмачылык – ал жерде фондук үндүн деӊгээли кандай экенинде.

Таза интервью – бул конок менен журналисттин үндѳрү гана угулган, максималдуу тынч абалда жазылган интервью. Репортажда кыска комментарийлер үчүн ыӊгайлуу, айтылган комментарийге басым жасайт, калган бардык добуштар тоскоол болуп, угуучуну алагды кылат.

Бир нерсенин фонундагы интервью каарманыӊардын так образын жана туура чѳйрѳнү жаратуу үчүн зарыл. Маселен, каарманыӊар жүк ташуучу араба түрткѳн киши болсо, анын фонунда базар болот, ал эми куруучу болсо – активдүү жүрүп жаткан курулуш иши болот.

Жоопторду гана эмес, суроолорду дагы жазгыла. Каарманыӊар токтоосуз сүйлѳп, силердин сѳзүӊѳрдү бѳлѳ бериши мүмкүн. Монтаждоо кыйын болот. Эфирге 30 мүнѳттүк маекти чыгара албайсыӊар, 15-20 секунддук гана үзүндү керек болот. Эгер конкреттүү бир суроо бергениӊерде, каарманыӊардын жообу 10 мүнѳткѳ созулуп кетсе, жана мындан бүтүн бир маанини кесип алуу мүмкүн болбосо, анда колуӊарда эч нерсе жок деп эсептей бергиле. 

Бардык үндѳр менен интервьюну жазып алган соӊ, тѳмѳнкүлѳрдү аткарасыӊар: 

– жумушчу аудиофайл жасоо – силер колдоно турган, бардык интервьюлардан кесип алган үзүндүлѳр

– бардык үндѳрдү/үзүндүлѳрдү бир деӊгээлге жеткирүү, антпесе бир бѳлүгү жакшы, бир бѳлүгү начар угулуп калат

– чогулган материалдын тегерегинде автордук текст жазуу.

Аудиофайлдарды иштеп чыгуу үчүн силерге жардамы тие турган кѳптѳгѳн программалар бар. Мисалы, алардын ичинен кеӊири жайылганы– бул Adobe Audition.

Автордук текст

Автордук текстиӊер угуучуга окуялардын жана интервьюдан интервьюга ѳтүүнүн ѳнүгүүсүн кѳзѳмѳлдѳѳгѳ жардам берет. Радиорепортаждардын тексттери максималдуу түрдѳ жѳнѳкѳй жана түшүнүктүү болууга тийиш. Татаал сүйлѳмдѳрдү, чакчыл түрмѳктѳрдү колдонбогонго аракет кылгыла. Кишилер радиону кѳп учурда белгилүү бир иш-аракеттерди аткарып жатып,  мисалы, транспортто бара жатканда, жумуш жасап жатып, унаа айдап бара жатканда ж.б. убакта угушат. Текст угуп жаткан киши дароо эле кеп эмне жѳнүндѳ экендигин түшүнѳ тургандай жѳнѳкѳй болууга тийиш. Текстиӊерди алгач материалдын темасынан алыс бирѳѳнѳ, мисалы үчүн тууганыӊарга окуп бергиле. Эгер ал радиоматериалдын мазмунун түшүнүп, бардык суроолоруна жооп ала алса, анда текст профессионалдуу деӊгээлде жазылды деп эсептесе болот. Угуучу үчүн кызыктуу мазмунду издѳѳдѳ журналистиканын эл аралык стандарттары жѳнүндѳ да унутпагыла. Материал объективдүү, калыс, чындыкка шайкеш жазылууга тийиш.  

Угуучу башка радио толкунга оӊой эле ѳтүп кетерин эсиӊерден чыгарбагыла. Ал эми эмгегиӊер, аракетиӊер, мыкты үндѳр, кызыктуу мазмун жана оргиналдуу мамиленин жардамы менен анын кѳӊүлүн кѳпкѳ чейин кармай аласыӊар.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу