Download
Print

Владимир Тхорик: журналисттик иликтѳѳ жана анын ѳзгѳчѳлүктѳрү

Алгач, жок дегенде жаӊылыктарды жазганды үйрѳнүп, эӊ жѳнѳкѳй нерсени аткарууну, башкача айтканда, репортаждарды, очерктерди жазууну, интервью алууну билиш керек. Иликтѳѳчү журналисттер бекеринен кесиптин элитасы деп аталбайт. Бул – аталган кесиптин башка жанрларында кѳп жылдык даярдыкты талап кылган, мындайча айтканда журналистиканын спецназы. Ошентип, болочок иликтѳѳчү күчтүү журналистика мектебинен ѳткѳн соӊ гана «элитага» умтула алат.    

Ишмердүүлүктүн бул түрүн мен сабырдуулукту, айлап же жылдап күн сайын жана системалуу машыгууну талап кылган узун аралыкка чуркоо менен салыштырам.  

Узакка созулган ишти аткара билүү жѳндѳмдүүлүгү – ийгиликтүү журналисттик иликтѳѳнүн негизи. Автор системалуу иш алып барууну  жакшы билүүгѳ тийиш. Иликтѳѳчү журналист эмпатия сезими менен айырмаланат, ал калыс жана башка кишилерди жакшы түшүнѳт.  Ошондой эле, майда чачыранды бѳлүктѳрдѳн татаал система түзүүнү билет, мыкты логикалык ой жүгүртүү жѳндѳмдүүлүгүнѳ ээ жана дайыма жаӊы нерселерди үйрѳнүүгѳ: мүнѳздѳрдү, маалымат базаларын жана тилдерди билүүгѳ умтулат. Канчалык кѳп тил билсеӊер, ошончолук кѳп маалымат базасын изилдеп чыга аласыӊар.

Адамдарды айырмалап талдай билүү жана логикалык ой жүгүртө алуу – иликтѳѳчү үчүн маанилүү сапаттар.

Иликтѳѳдѳн алынган натыйжа жана аудиторияга таасир кѳрсѳтүү

Эреже катары, жарыяланган иликтѳѳ жок эле дегенде ишке ашырылган ѳлкѳнүн укук коргоо органдарынын кѳӊүлүн бурган объектиге айланат. Алар кайсы бир чиновниктин же топтун кызыкчылыктарына байланыштуу кандайдыр бир кылмыш, коомдук же этикалык ченемдерди бузуу фактысын белгилеп, эске алып коюшат.   

Силердин иликтѳѳӊѳр сѳзсүз түрдѳ окурмандардын же кѳрүүчүлѳрдүн кѳӊүлүн бурат. Бул бир күн эмес, жумалап турган, сапаттуу жана текшерүүдѳн ѳткѳн дааналап сатылма товар.  Кээде ал бир жылдан кийин, ал тургай эки-үч жыл ѳткѳн соӊ, мисалы үчүн ѳлкѳдѳгү саясий режим менен абал алмашкан соӊ гана актуалдуу болуп калышы мүмкүн.

Сапаттуу иликтѳѳ аудиторияга маалыматты ылгоону үйрѳтѳт.

Сапаттуу журналисттик иликтѳѳлѳрдү окуган кишилер канчалык кѳп болсо, фейктер менен манипуляциялардан, ар түрдүү мифтерден эркин мындай журналистикага кѳнгѳн адамдардын саны да ошончолук кѳп болот. Себеби, сапаттуу журналистика – тилекке каршы, бүгүнкү күндѳ Европа ѳлкѳлѳрүндѳ гана эмес, башка мамлекеттерде да кеӊири жайылган үгүттѳѳнүн, жарытпаган саясий популизмдин антиподу.

Журналистиканын «Шерлок Холмстору»

Журналистиканын бул жанрынынын негизинде кызыкчылыгы бар адамдар жана/же уюмдар коомдон жашырып койгон фактураны издѳѳ аракети жаткандыктан,  кѳп учурда аны жеке детективдердин иши менен салыштырышат. Бирок, ортосундагы чыныгы айырмачылык иликтѳѳчү журналисттер белгилүү бир топтун пайдасы үчүн иштебей, жалпы эле коомдун кызыкчылыгына кирген кѳйгѳйлүү маселелерди ачууга аракет кылышканында. 2000-жылы Де Бург жазгандай, иликтѳѳчү журналисттин иши техникасы боюнча полиция, адвокаттар, аудиторлор аткарган иштерге жакын, бирок мыйзамдын артынан түшүүгѳ эмес, элге жайылтууга багытталган.

Жүргүзүлгѳн жана жарыяланган иликтѳѳнүн натыйжасында аудиторияны адеп-ахлактык жактан тарбиялоо сыяктуу эӊ жогорку максатка жетилет. Себеби, иликтѳѳ ѳз ичине  кандайдыр бир кылмыштын бетин ачуу мисалдарынан келип чыккан моралдык жалпылоону камтыйт.

Иликтѳѳ үчүн теманы кайдан тапса болот

Журналисттик материал сыяктуу эле, иликтѳѳ дагы теманы тандоодон башталат. Тема катары, окуялар, кубулуштар жана фактылар, жалпыга белгилүү жана эч ким билбеген купуя маалыматтар алынат. Иликтѳѳнүн башталышына тѳмѳнкүлѳр себеп болушу мүмкүн: 

  • окуялар;
  • жаман иштер;
  • жеке байкоолор жана божомолдор;
  • ММК материалдары;
  • документтер (ачык документтер — бийлик органдарынын тескемелери менен токтомдору сыяктуу эле, жарым-жартылай ачык жана купуя документтер, коммерциялык түзүлүштѳрдүн иш кагаздарынан баштап, кызматтык мүнѳздѳгү ведомстволук документацияга чейинки кагаздар);
  • расмий жактардын билдирүүлѳрү жана арыздары, анын ичинде мамлекеттик органдардын же жеке менчик уюмдардын пресс-релиздери;
  • ушак-айыӊдар;
  • тышкы маалымат булагынан, же «демилгечиден» алынган билдирүүлѳр.

Этаптар

Журналисттик иликтѳѳнүн таанып билүү этаптары иликтѳѳ процессинде бири-бири менен себеп-натыйжа мамилелери менен байланышкан маселелерди ырааттуу чечүү зарылчылыгынан улам келип чыгат. Ошондуктан, мурунку маселени чечпей туруп (себепти пайда кылбастан), кийинки маселени чечүү (натыйжа алуу) мүмкүн эмес.

Журналисттик иликтѳѳнүн негизги этаптары:

  • иш-чаралардын планын түзүү;
  • баштапкы маалыматты топтоо жана иштеп чыгуу;
  • булактар менен иштѳѳ;
  • чогулган маалыматты системага келтирүү;
  • далилдик базаны түзүү;
  • башкы интервью;
  • юридикалык экспертиза;
  • материалды даярдоо.

Маалымат булактары менен иштѳѳ — журналисттик иштин негизги компоненттеринин бири. Бүтүндѳй иштин сапаты топтолгон маалыматтын сапатынан кѳз каранды. Материалдын негизинде орун алган ар бир факт жок эле дегенде эки маалымат булагы менен ырасталууга тийиш. Бул минималдык талап. Маалымат булактары бир нече түрдѳн болушу мүмкүн.  

Ачык булактарга ар кандай массалык маалымат каражаттары: телевидение, радио, газеталар кирет. Бирок, буларды тандап алган журналист болуп жаткан окуялардын артынан калбашы керек. Реалдуу убакыт режиминде иштеген жаӊылык сайттары, ошондой эле журналист кесиптештери менен маалымат алмашуу жана талкуулоо мүмкүнчүлүгүнѳ ээ боло алган форумдар менен чаттар бар дүйнѳлүк Интернет тармагы да маалымат булагы болуп саналат. 

Купуя булактар

Иликтѳѳчү журналист үчүн материалында купуя маалымат булактарын пайдалануу ѳтѳ маанилүү. Мурда коомго белгилүү болбогон маалыматты элге жайылтуу– журналистиканын бул түрүнүн башкы ѳзгѳчѳлүгү. Купуя маалымат булактары болуп, ар түрдүү деӊгээлде шифрленген кызматтык документтер, телефон же электрондук байланыш түйүндѳрү аркылуу ѳткѳн билдирүүлѳрдү кармап калуу, атайын маалымат базалары эсептелет. Иликтѳѳчү кабарчынын иши тѳмѳнкүдѳй кесиптик аспаптарды жакшы билүүнү талап кылат:

-документацияны анализдѳѳ;

-булактар менен иштѳѳ (архивдерди, салык боюнча документтерди, телефон эсептерин ж.б. изилдеп чыгуу);

-укук коргоо органдары менен кызматташуу;

-кабар берүүчүлѳрдү колдонуу (акы тѳлѳнүүчү жана ыктыярдуу);

-калкалоо алдында иштѳѳ (советтик практикада — «Журналист меняет профессию» рубрикасы).

Тыӊшалган телефон аркылуу сүйлѳшүүлѳрдү жарыялоону, бандиттердин видеожазуусун элге кѳрсѳтүүнү, кандайдыр бир жазышуунун жыйнагын, атаандаш ведомствонун жардамы менен алынган компроматты жарыялоону журналисттик иликтѳѳ деп эсептѳѳгѳ болбойт. Кыскасы, текшерилбеген, түшүнүксүз жана маани берилбеген нерсе үчүн акыл да, күч-аракет да коротуп кереги жок. Иликтѳѳчү иликтѳѳ субъектилерине карата этикалык ченемдерди да эсинен чыгарбоого тийиш. Бейтараптыкты сактоого жана эч бир тараптын кызыкчылыгын кѳздѳбѳѳгѳ милдеттүү.

Журналистика коомдун ѳнүгүүсүнѳ таасир тийгизет. Бекеринен аны тѳртүнчү бийлик деп аташпайт да. Каалаган ар бир журналист журналисттик иликтѳѳ менен алектене алат. Бул үчүн элге чындыкты жеткирүү жана адилетсиздикке каршы күрѳшүү ниети болуп, кѳп нерсени билүүгѳ умтулушу керек. Иликтѳѳ иш-аракетинен түзүлгѳн материал жарандар үчүн абдан чоӊ мааниге ээ. 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Download
Print