Жүктөө
Басып чыгаруу

Журналисттик иликтөөнү пландаштыруу

Spoiler/Спойлер (click to read/кликните, чтобы прочитать)
Бул бѳлүмдѳ журналисттик иликтѳѳлѳр тууралуу кеп кылабыз. Аныктамалардын бири боюнча, журналисттик иликтѳѳ  – бул кимдир бирѳѳ жашырып коюуну кѳздѳгѳн, коомдун кызыкчылыгын билдирген маалыматты таап чыгууга аракет кылган журналисттик ишмердүүлүк. Мазмуну жагынан бул абдан эле татаал иш. Себеби, фактыларды, күбѳлѳр менен далилдерди издеп табуу керек. Ал эми буларды ишке ашыруу кѳп эмгекти талап кылат.
Ошентип, иликтѳѳнү кантип пландоо керек?
Биринчиден, жеке гипотезаӊарды ырастоо зарыл. Башкача айтканда, силер иликтей турган маселе же жоруктун түпкүрүндѳ сѳзсүз бир нерсе бар экенине кѳзүӊѳр жетиши керек. Чындыктан күмѳн санаган учурда, убактыӊарды, каражат жана күч-кубатыӊарды текке кетиргиӊер келбейт да. Чындыкты документтер, маалыматтар, күбѳлѳрдүн кѳрсѳтмѳлѳрү сыяктуу далилдердин жардамы менен чыгара аласыӊар. Маселени иликтеп чыгуу керек экендигине ишенсеӊер, анда гипотеза же маселени алдыга койгула. Муну илимий эксперимент катары элестеткиле.
Окумуштуулар гипотезаны коюп, тесттердин жардамы менен изилдѳѳ жүргүзүшѳт, андан кийин гипотезанын туура же туура эмес экендиги боюнча корутунду чыгарышат. Эгер иликтѳѳӊѳр спорттогу коррупцияга байланыштуу болсо, олимпиада спортчулары үчүн бѳлүнгѳн акча каражаттары жарнама үчүн тѳлѳм катары жабылып, жемкорлукка малынган жетекчилердин чѳнтѳгүнѳ кетип жатканы боюнча гипотеза чыгарса болот. Иликтѳѳнүн жүрүшүндѳ ким жана эмне кылып жатканын, кантип жана качантан бери уланып келе жатканына далилдерди издеп табасыӊар.

Кайрадан пландоого келели. Андан ары жеткиликтүү булактарды карап чыгуу зарыл. Алууга мүмкүн болгон документтер барбы? Болуп жаткан окуялар же кырдаал тууралуу айтып берүүгѳ даяр бирѳѳ барбы? Акчалардын кайда кетип жатканын далилдеп берүү үчүн кыйыр далилдерди, маселен, салык декларацияларын пайдалана аласыӊарбы? Кандай маалыматтарды, документтерди жана күбѳлѳрдү пайдалана ала турганыӊарды, алардын жеткиликтүүлүгүн ойлонуштуруп чыккыла.

Андан кийин бюджеттик план түзгүлѳ. Бул эриктирме бѳлүктѳй сезилет, бирок силердин ийгилигиӊер бюджетти натыйжалуу пайдалануудан кѳз каранды. Командада канча киши болот? Иликтѳѳнү канча убакыт жүргүзѳ аласыӊар? Башка жерлерге барыш керек болобу? Жабдуу же кеӊсеге муктаждык болобу?

Булардын баары теӊ бюджетке киргизилиши керек. Запаска анча мынча каражат алып коюу зарыл, анткени эки-жакка баруу, котормо же коопсуздук кызматтары сыяктуу пландан тышкары чыгымдар келип чыгышы ыктымал. Башкача айтканда, пландалбаган нерселерди пландоо зарыл.

Даярдыктын акыркы этабы – иштердин тизмесин түзүү жана милдеттерди бѳлүштүрүү. Маалымат бардык жакка тараган учурда, иликтѳѳ бир нече багыт менен байланыштуу болот.  Милдеттердин уюштурулушу кишилердин жоопкерчилигин белгилеп, структураланган жана тартипке келтирилген түрдѳ далилдерди чогултуу процессин баштайт. (слайд). Маалыматты топтоо стадиясына келе турган болсок, эске ала турган бир нече учур бар. Биринчи жана экинчи булактардын комбинациясын алууга аракет кылып кѳргүлѳ. Мында биринчи булактар түздѳн-түз теманын сыпаттамасын беришет.

Мисалы, ѳкмѳттѳгү коррупцияны ѳз кѳзү менен кѳргѳн адам негизги булак болуп берет. Калгандары – экинчи булактар. Мисалы, анализ жүргүзгѳн эксперттер, же коррупциядан зыянга учураган жарандар. Бирок алар күбѳ боло алышпайт. Ошондуктан, бардык булактардын комбинациясына ээ болгон жакшы. Маалыматтар менен эксперттерге келе турган болсок, иш-аракетке силер бетин ачууга аракеттенип жаткан маалыматты изилдеп, чече турган кишилерди тартуу зарыл.  Изилдѳѳӊѳрдүн бир бѳлүгүн кайсы эксперттер документтерди, маалыматтарды же сандык маалыматтарды түшүндүрүп бере аларын аныктап алуу түзѳт. Антпесе, эӊ керектүү, эӊ маанилүү маалыматты кѳз жаздымда калтырып  алышыӊар ыктымал.
Андан кийин гипотезаӊарда кандайдыр бир конкреттүү боштуктарды таап чыгуу зарыл. Гипотеза – силердин оюӊар боюнча болуп жаткан окуялар туурасында божомолдооӊор. Муну бир кылмыш ишин иликтеп жаткан юристтердин командасы катары кабыл алгыла. Алар кылмыш учурунда эмне болгону тууралуу ѳз божомолдоолору боюнча бүтүндѳй бир теорияны алдыга коюп, андан кийин аны ырастаган далилдерди коюшат. Силер да дал ушундай кылышыӊар керек. Теорияӊарда мааниси жок жерлер барбы? Баш катырманы кѳбѳйтѳ турган мындай маалыматтардын кереги барбы? Эгер бул кемчиликтерди иликтѳѳӊѳрдѳ аныктап чыга турган болсоӊор, гипотезаӊардын бул бѳлүгүн бекемдѳѳ үчүн кошумча изилдѳѳ жүргүзѳ аласыӊар.
Булар менен кошо, сандык жана сапаттык изилдѳѳлѳрдүн ортосундагы айырмачылыкты билиш керек. Жѳнѳкѳй тил менен айтканда, сандык изилдѳѳ – чындыкка туура келген фактыларды, цифраларды кѳрсѳтүү. Ал эми сапаттык изилдѳѳ –  кишилердин жүрүш-турушу жана абалга карата мамилеси. Ошентип, сандык изилдѳѳ жаштардын кѳбү ѳлкѳнү таштап кетип жатканын кѳрсѳтсѳ,  сапаттык изилдѳѳ жаштарды сурамжылоону жана алардын ѳлкѳдѳн кетүүсүнүн себебин аныктап чыгууну камтыйт.
Андан ары команда түзүү жѳнүндѳ ойлонушуӊар керек. Эгерде убактыӊар азыраак болсо, анда команда менен иштеген оӊ. Ролдорду кантип бѳлүштүрүү керек? Иерархия боюнча ким кимге отчёт берет? Дайыма жолугуп туруш керекпи же ѳз алдыӊарча иштейсиӊерби? Команданы түзүп жатканда аткара турган милдеттерди ойлонуштургула.
Кийинки пунктка ѳтѳлү. Изилдѳѳчүлѳрдү катыштыруу зарыл болгон учурда, алардын темага байланыштуу изилдѳѳ тажрыйбасы бар экенин текшергиле. Мисалы, узун отчёттор менен татаал сандык маалыматтарды изилдеп  чыгуу үчүн киши керек болсо, анын муну аткара ала тургандыгын текшергиле. Мындан тышкары, эксперттер бар. Темалардын кѳбү эксперттердин атайын билимине муктаж. Эксперттериӊер калыс болуп, силер таап чыккан маалыматтарды бурмалабай тургандыгын кѳзѳмѳлдѳгүлѳ.
Эӊ соӊунда айта турган нерсе – колдоо тууралуу ойлонгула. Бул жетектѳѳ боюнча жалпы иш же болбосо айдоочу же котормочуга муктаждык болушу мүмкүн. Командада буларга да кѳӊүл буруш керек.

Силер колдоно турган абдан пайдалуу бир нече аспап бар. Маалымат эркиндиги боюнча улуттук мыйзамдарды карап чыккыла. Булар силердин иликтѳѳӊѳр үчүн пайдалуу боло алабы? Иликтѳѳнүн кооптуу жактарынын бири – силердин колуӊарда кѳп маалымат – басылып чыккан материалдар, колго жазылган макалалар, компьютерге киргизилген маалыматтар бар.

Evernote сыяктуу нерсе – булардын баарын бириктирүүнүн эӊ мыкты ыкмасы. Evernote деп аталышынан эле белгилүү болгондой, бир гана жазылуу маалыматтар эмес, шилтемелерди түзүү, пайдалуу веб-сайттар менен маалыматтардан да кабардар болуп турууга арналган.  Бул аспап мобилдик түзүлүштѳр менен компьютерлерде иштейт. Oligrapher – кишилердин ортосундагы ѳз ара байланышка негизделген аспап. Oligrapher менен таасирдүү кишилердин байланыштары тууралуу биле алабыз. Кайсы миллиардер кайсы саясатчы менен тааныш болгон? Кээде бул кишилердин белгилүү бир окуянын тегерегиндеги байланышын кѳрсѳтүү үчүн абдан пайдалуу боло алат.
Дагы бир чындап эле пайдалуу деп эсептелген аспап – бул Openrefine. Анын жардамы менен керексиз маалыматтарды ѳчүрүп салууга болот. Openrefine ири сандык маалыматтар менен иштѳѳгѳ арналган. Аспап каталарды таап чыгууга же болбосо бир нече жолу киргизилген маалыматты аныктап чыгууга жардам берет. Кыскасы, сандык маалыматтардын туура кѳрсѳткѳнүӊѳрдү так биле аласыӊар.
Кѳӊүл бура турган дагы бир аспап – маалыматтарды визуалдаштыруу үчүн Linkurious. Linkurious силерге каталар менен кѳйгѳйлѳрдү таап чыгуу үчүн маалыматтарды визуалдуу формада бириктирип берет.

Жыйынтыктап айтканда, журналисттик иликтѳѳ – маселе же гипотезаны коюу, чындыгында болуп жаткан нерселерге далилдерди табуу, баянды окурмандарыӊар же угуучуларыӊар толук түшүнгѳндѳй кылып айтып берүү.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу