Жүктөө
Басып чыгаруу

Диний маселелерди кандайча туура чагылдыруу керек?

Кандай жаңылыктарды диний деп эсептесек болот?

Бардык кабарлар. Жаңылыктардын бардыгын – эл аралык же жергиликтүү, анын ичинде саясат, спорт, бизнес, билим берүү, кылмыштуулук, искусство жана көңүл ачуу, илим, ден-соолук, жашоо образы, мода, саякат – булардын бардыгын журналист дин призмасы аркылуу көрө алат.

Диний маалыматтарга каармандары конфессиялардын өкүлдөрү, белгилүү жана жөнөкөй инсандардын профилдериндеги негизги көңүл алардын диний өзгөчөлүктөрүнө бурулган изилдөөчү репортаждарды, таржымалдарды, ошондой эле дин маселелери айтылган талдоо (аналитика) да кирет.

Материалдарда диний билимдердин негизинде пикир жараткан дин кызматкерлерине жана булактарга гана шилтеме берүү туурабы?

Мындай маалымат булактарына ишенүү жана ушундай пикирди гана жайылтуу дүйнөбий (светтик) ЖМК үчүн кооптуу. Зарылдык жана так түшүндүрмөлөр болбосо, диний булактардан алынган теологиялык терминдерди жана цитаталарды материалдарда колдонбогонуңуз оң. Диний аяттарды ар кандайча чечмелөөгө болот.

Диний темадагы материалдарды даярдоодо, башка темалардагы билдирүүлөрдү даярдагандай эле, пикирлердин тең салмактуулугун сактоо керек. Ар кандай булактарды издегиле, анын ичинде көйгөйгө заманбап көз карашты көрсөткөн жана аны эскиче чечүүнү сунуш кылбаган булактарды да караш керек.

Журналист диний маселелерди чагылдырууда эмнени эсинен чыгарбашы керек?

Биринчиден, диний темаларга байланыштуу материалдарды даярдоодо журналистиканын эл аралык стандарттарын: калыстыкты, тактыкты, чынчылдыкты, ишенимдүүлүктү жана адептүүлүктү, ошондой эле маалымат булактарын коргоо принцибин сактоо зарыл.

Мындан тышкары, төмөнкүлөрдү эсиңизден чыгарбаңыз:

 

  • адамдардын жашоосундагы ишенимдин ролун сыйлоо керек;
  • диний тематиканы окуп үйрөнүүгө даяр болуу талап кылынат;
  • диний темадагы ар бир таржымалда эки тараптан да көп тараптар боло тургандыгын түшүнүү;
  • кандайдыр бир диний көз карашты пропаганда жасоого болбойт;
  • кайда, кантип жашап жана сыйынып жаткандыгына карабастан өз каармандары менен убакыт өткөрүүгө даяр болуу;
  • эгер өзүңүз алар менен макул болбосоңуз да, ар кандай диний ишенимдин майда-чүйдөсүнө чейин обьективдүү жана так жазууга жөндөмдүү болуу;
  • диний суроолордун көпчүлүгү ыйык жазууларга байланыштуу экендигин эске тутуу;
  • маданият аркылуу иштөө, аудиторияга ар кандай жөрөлгөлөрдү алардын өзгөчөлүктөрүн баяндоодо жазуунун күчтүү көндүмдөрүнө ээ болуу.
Диний азчылыктар жөнүндө кантип жазууга болот?

Диний азчылыктар жөнүндө макала жазууну баштоодон мурун, бул топ жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк билүүгө аракет кылыңыз. Жок дегенде бир күн ушул жамааттын мүчөлөрү менен чогуу болуп, алардын тажрыйбасын үйрөнүңүз, алардын адамдар менен кандайча байланышаарына байкоо жүргүзүңүз. Алардын ишенимин кармануунун кажети жок, бирок мындай тажрыйба бул адамдарды тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.

Бул диний жамаат жөнүндө стереотиптер кайдан жана эмне үчүн пайда болгонун билүүгө аракет кылыңыз. Сиздин өлкөдөгү тышкы факторлор (мыйзамдар, сөз эркиндиги жана ишеним эркиндиги, аудиториянын сынчыл ой жүгүртүүсүнүн деңгээли) бул диний азчылыкты кабыл алууга кандай таасир этет? Бул тууралуу адистерден жана илимпоздордон сураңыз.

Диний азчылыкты коомчулукка каршы койбоңуз: бул жамааттын арасында өз кесиби боюнча адис болуп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкондор бардыр.

Диний азчылыктын катышуусундагы ыкчам болуп өткөн окуяга же жаңжалга жана анын кесепеттерине көңүл бурбаңыз. Андан көрө көйгөйдүн тамырын изилдеш зарыл, ал көп учурда алардын диний көзкараштарына эч кандай тиешеси жок болуп чыгат.

Фактыларыңызды контекстке, ошондой эле аналитикалык материалдарга жана журналисттик иликтөө иштерине (эгер зарыл болсо), эксперттер менен маектешүү аркылуу көйгөйдү чечүүгө болгон мүмкүнчүлүктү баяндап бериңиз. Бирок аудитория диний түрдүүлүктү кабыл алганга чейин, репортажыңызда ушул чечим жөнүндө талаш-тартышка жем таштабаңыз.

Мыйзамдуу жана тыюу салынган диний уюмдардын тизмесин кайдан текшерсе болот?
Кайсы бир динди тутунган журналист дин маселелерин чагылдыра алабы?

Ооба. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн конституциялары бардык жарандарга өз диндерин эркин тутунууга укук берет. Анын негизинде журналист этикалык принциптерди бузбастан, өзүнүн ишенимин тутуна алат. Балким, анын диний билими келечектеги репортажын жакшыртат.

Мындай учурда, өз ишин аткаруу менен бирге этикалык ченемдерди кантип бузбоо керек?

Ал үчүн журналист төмөнкүдөй жөнөкөй эрежелерди сакташы керек:

  • өзүңүз дайыма барып жүргөн мечиттен, ибадатканадан, сыйынуучу жайдан же дагы башка барган жериңизден жаңылыктарды жана репортаждарды жасабаңыз;
  • жазып жаткан материалыңызда башка диндерге караганда өзүңүздүн ишенимди же диний каада-салтты ашыкча жайылтпаңыз;
  • сиз өзүңүз барып жүргөн диний жамаатка катышып жүргөн адамдарга шилтемелерди дайыма колдонбоңуз;
  • өзүңүздүн диний чөйрөдөгү көйгөйлөрдү билдирбөө жана аны жаңылыктарда жайылтпоо керек;
  • диний ишенимдериңизге каршы келген дүйнөбий (светтик) маселелер жөнүндө жазбаңыз.

Ошондой эле өзүңүздүн диний чөйрөдөгү лидерлик позициядан баш тартышыңыз керек, анткени бул журналисттин диний каада-салттар жөнүндө объективдүү жана калыс маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө шек келтириши мүмкүн.

Дин менен экстремизм ортосунда параллель келтирүүнү кантип токтото алабыз?
  1. Өзүңүздүн редакцияңызда ушундай кылмышка барган адамдарды кандайча атай турганыңызды чечип алыңыз. Эл аралык журналистиканын стандарттарына ылайык, биз бул кылмыштын катышуучуларын соттун чечими менен алардын террор жасагандыгы аныкталганга чейин “террорист” деп атай албайбыз. Ушул эле себептен, кесипкөй журналист өз репортажында аларды “мусулман экстремисттери” деп атай албайт, айрыкча мындай аныктама такыр жок. Ушундай жол менен журналист дин менен кылмыштуулукту аралаштырып жиберет.
  2. Диний темадагы материалдарды даярдоодо колдонулган терминдердин сөздүгүн, глоссарий түзүңүз.
  3. Эгерде сотто бул адамдар террорист деп табылган болсо, анда материалда соттун чечиминен ток этер жеринен келтирилип көрсөтүлүшү керек.
  4. Окуянын диний эмес себептерин ар дайым ачыкка чыгарып, бирок бейтараптуулукту сактаңыз. Журналист тастыкталган фактыларды гана берип, аларга баа бербеши керек.
  5. Тыюу салынган топтордун мифтерин контекст жана иликтөө менен жокко чыгарыңыз, мисалы, “ыплас бомба” деп аталган террористтердин өзөктүк арсеналга жетиши алардын фантазиясынын жемиши экенин көрсөтүңүз. Ошондой эле алар диндин атынан жасашат деп айтылып жүргөн “жихад” да, же болбосо радикалдык экстремисттик топтор жихад жүргүзүү үчүн Борбор Азияда топтолуп жатат деген миф экендигин көрсөтүү керек. Журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүңүз, реалдуу жашоодогу мифтерди четке кагуу менен фактылардын туура эместигин көрсөтүңүз, аудиториянын көңүлүн диндин чыныгы аспектилерине топтоого аракет кылыңыз.
Канткенде жек көрүү сөздөрүн таратуучу болуп калбаш керек?

Касташуу жана жек көрүү сөздөрү заманбап маалымат каражаттарында чоң көйгөй болуп саналат. Жалпыга маалымдоо каражаттары ар кандай чыр-чатактарга, “маалыматтык согуштарга” көп катышат, бул кээде журналисттерди этикалык ченемдерди бузууга түртөт. Натыйжада толеранттуулукту жана ар түрдүүлүктү кабыл алуунун ордуна, ар кандай жамааттардын ортосундагы карама-каршылыктарды жана чыр-чатактарды көрсөтө турган материалдар пайда болот.

Диний темада макала даярдоодо орунсуз терминологияны колдонуудан алыс болуңуз.

Бонус: диний темада макалаларды жазууда колдонулбай турган сөздөр

Өлкөнү арабдаштыруу, жихад, исламчылар, ислам мамлекети, жанкечтилер, шейиттер, кудайсыз, фанат – бул аныктамалдарды журналисттер колдонбошу керек. Бул сөздөрдүн түпкү мааниси бурмаланып, учурда мусулман дини тууралуу терс түшүнүктү калыптандырып жатат.

Сунушталган терминдердин тизмесин жана динди чагылдырууга толук колдонмону бул жерден таба аласыздар.  

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу