Журналисттер үчүн дин маселелерин чагылдыруу боюнча колдонмо

Бул колдонмону даярдап чыгуунун максаты болуп, дин маселелерин чагылдырууга арналган журналисттик материалдардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле адам укуктарынын, мыйзамдык жѳнгѳ салуунун принциптерин түшүнүүнү жана сѳз эркиндиги менен кастык тилинин ортосундагы чекти ажырата билүүнү камсыздоо эсептелет.

Окуу куралы тѳмѳнкү главалардан турат:

  1. Дин тутуу эркиндигине карата укук (автор – Дмитрий Кабак). Биринчи глава ар бир кишинин дин тутуу эркиндигине карата укугун тереӊ аӊдап түшүнүү мүмкүнчүлүгүн берет.
  2. Кыргыз Республикасында/Казакстан Республикасында/Тажикстан Республикасында дин маселелерин мыйзамдык жѳнгѳ салуу (авторлору – Алтынай Исаева, Гульмира Биржанова жана Шоира Давлатова). Бул глава динди мамлекеттик деӊгээлде жана мамлекет менен ич ара аракеттешүүнүн негизинде түшүнүү үчүн киргизилген.
  3. Журналисттер үчүн практикалык сунуштар (автор – Инга Сикорская). Журналисттер маалыматты жайылтуунун башкы булагы болуп эсептелгендиктен, үчүнчү глава да олуттуу мааниге ээ.
  4. Дин маселелерин чагылдырууда колдонулган терминдердин глоссарийи.

Колдонмо тѳрт тилде: кыргыз, орус, тажик жана казак тилдеринде даярдалды.