Жүктөө
Басып чыгаруу

Кесипкѳйлүк, фейктер жана манипуляциялар: Кыргызстандагы саясий каатчылыкты республиканын ММКлары кантип чагылдырышты

Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары 5-10-октябрь күндѳрү республикада болуп ѳткѳн бийликтин тѳӊкѳрүш жолу менен алмашуусун чагылдырууда жогорку деӊгээлдеги кесипкѳйлүгүн кѳрсѳтѳ алышты. Ошентсе да айрым журналисттер менен редакциялар ката кетирбей койгон жок.  

CABAR.asia медиамектеби медиаэксперттер менен бирге аталган мезгил аралыгында ММКлардын ишмердүүлүгүндѳ кандай жаӊылыштыктар болгонун аныктап чыгууга аракет кылып кѳрдү. 

Чебердик ѳстү

«Кыргызстандагы саясий каатчылык мыкты деӊгээлде кесипкѳйлүк менен чагылдырылды. Бирок болуп ѳткѳн окуялар тууралуу мындай деп айта  албайбыз. Демократиялуу, ачык, цивилизациялуу мамлекет деп таанылууга аракет кылып жаткан ѳлкѳлѳрдѳ болбой турган нерселер болду. Журналисттер 2005-жылдан бери  бул жаатта жетишерлик тажрыйбага ээ боло алышты десек жаӊылышпайбыз. Албетте, мындай тажрыйбанын улам эле пайдасы тийип жатканы кейиштүү. Бирок бул маселе бийликти ойлондурууга тийиш», – дейт медиаэксперт Азамат Тынаев.

Анын айтымында журналисттердин техникалык жактан камсыздалышы менен жеткиликтүү бардык медиа аспаптарды колдоно билүүсүн ѳзгѳчѳ белгилей кетүү зарыл.  

«Журналисттердин техникалык камсыздалышы, стримингдик трансляцияларды ѳздѳштүрүүсү, түз эфирде иш алып баруусу, бардык социалдык тармактарда, мессенджерлерде жана видеохостингдерде жетиштүү санда  контентке ээ болуусу – медиаларыбыздын кесипкѳйлүгү мыкты темп менен жогорулап келе жаткандыгынан кабар берет», – деп эсептейт Тынаев.

Кооптуу жеткире айтылбагандык

Ошону менен бирге, эксперттин ою боюнча, республиканын бардык эле массалык маалымат каражаттарынын ишине жогорку баа берүү мүмкүн эмес.  

«Тилекке каршы, фейктерди ѳздѳрү таратып, текшерилбеген маалыматтарды жазып чыккан кесиптештер да чыга келди. Атайыбы же жокпу, кыскасы маалыматты манипуляциялаган учурлар арбын эле болду. Кайсы бир жеринен, кайсы бир маалыматты алып салып, керектүү деп эсептеген бѳлүгүн чыгарып жатышты. Натыйжада окурмандар менен кѳрүүчүлѳрдүн аудиториясына таптакыр башка, бурмаланган маалыматтар жетип жатты. Ооба, мындай учурлар да болду. Бактыга жараша, булар массалык мүнѳздѳ болгон жок», – деп белгиледи ал.

Азамат Тынаев мындай курч кырдаалдарда журналисттер бир гана нерсени: байкоосуз берилген бир эле жаӊылыктын аягы ѳтѳ оор болуп калышы ыктымал экенин, мунун кесепеттерин узун мезгил бою абдан чоӊ күч-аракет жумшоо менен жоюу талап кылына турганын эсинен чыгарбоого тийиш деп эсептейт.  

Маалыматты манипуляциялоого мисал катары, Vesti.kg порталынын жаӊылыгын алууга болот. Басылма провокациялык мүнѳздѳгү тема менен материал жарыялаган. Андан Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстандын түштүк борборунун тургундарынын алдына чыгып сүйлѳп жатып улут аралык араздыкты пайда кылууга аракет кылгандыгын түшүнүүгѳ болот.

Бул манипуляцияны Factchek.kg редакциясы ачыкка чыгарды. Фактчекерлер саясий ишмердин сүйлѳгѳн сѳзүн толугу менен угуп чыгып, баштема менен жалпы эле жаӊылыктын негизи сүйлѳнгѳн сѳздѳрдүн бир гана бѳлүгүнѳн түзүлгѳндүгүн аныктай алышты. Мында Мырзакматовдун кыргызстандыктардын аймактык ѳзгѳчѳлүк боюнча бѳлүнүшүнѳ жол бербѳѳ зарыл экендигин айткан жерин чыгарып салышкан.   

Белгилей кетчү нерсе, кийинчерээк Vesti.kg баштеманы ѳзгѳртүп, материалды кайра чыгарган. 

 

Жалган жаӊылыктардын булагы катары социалдык тармактар

КР алдыӊкы интернет-басылмаларынын бири болгон Kaktus.media порталынын түзүүчүсү Дина Маслова КР ММК рыногунун негизги оюнчулары  «АКИпресс», kaktus.media, 24.kg, «Азаттык» жана Sputnik 5-10-октябрда болуп ѳткѳн окуялардын алкагында мүмкүн болушунча журналисттик иштин этикалык стандарттарын сактоого аракет кылгандыгын белгилейт.  

«Себеби, редакциялык саясат маалыматты кайталап текшерип тургандай болуп түзүлгѳн. Бул жагынан ММКлар администраторлору жѳн гана кыска билдирүүлѳрдү же видеолорду жарыялап турган пабликтерге уттуруп жиберүүдѳ», – дейт Маслова.

Чындыгында эле, бир катар Telegram-канал аталган мезгилде абдан активдүү иш алып барды. Эки-үч сүйлѳмдүк жаӊылыктар, же болбосо кыска түшүндүрмѳ берилген видеолор тез-тезден чыгып турду. Бирок чыгарып жаткан учурда маалыматтар текшерилген эмес, ал эми чыккандан кийин администраторлор ошондой эле жаӊылык түрүндѳ жокко чыгарууларды жайгаштырып жатышты. 

Маслованын пикири боюнча, Кыргыз Республикасындагы октябрь окуяларынын учурунда чыӊалуунун эскалациясы дал ошол социалдык тармактарда болуп жатты. Ал эми ѳз ишин кесипкѳйлүк менен жүргүзгѳн журналисттер мындай чыӊалууну жок кылууга жардам беришти. 

«Бир жагынан, пикир лидерлери менен парламенттик шайлоодо жеӊишке жетпей калган партиялардын ѳкүлдѳрүнүн кѳптѳгѳн эмоционалдуу посттору чыгып жатты. Экинчи жагынан, Садыр Жапаровду коргоого багытталган боттор менен троллдорду жазып, кибербуллинг жүргүзүштү. ММКлардын кѳйгѳйү жактоочулар тарабынан кѳрсѳтүлгѳн кысымдар болду: митингде коркутуп-үркүтүүлѳр айтылып жатты, социалдык тармактарда кибербуллинг жүргүзүлдү.  Мындан тышкары, ал күндѳрү мамлекеттик аппарат дээрлик иштебегендиктен, маалыматты тастыктоо абдан кыйын болуп жатты. Маалыматтын туура же туура эместигин журналисттер ѳздѳрүнүн жеке контакттары аркылуу текшерип жатышты. Маалымат маал-маалы менен кечиктирилсе да текшерилип берилгендиктен, негизги ММКлар кандайдыр бир божомолдоону жокко чыгаруу, же болбосо кайсы бир маалыматты ырастоо аркылуу чыӊалууну азайтып турушту», – дейт ал.

Саясий каатчылык учурунда социалдык тармактар саясатчылар жѳнүндѳ фейк жаӊылыктардын булагына айланды. Маселен, Facebook тармагында Темир Сариевдин үйүнѳн каптарга салынган алтындар табылгандыгын кѳрсѳткѳн материал пайда болуп, активдүү жайылып кетти. 

 

Бул фейкти мурдагы премьер-министр расмий түрдѳ каттоодон ѳткѳн ММКлар аркылуу жокко чыгарууга мажбур болду.

 

Муну менен бирге, Маслова, чыӊалуунун эскалациясы үчүн биринчи кезекте ѳздѳрүнүн билдирүүлѳрү жана иш-аракеттери менен коомчулуктун тынчын алган ар кайсы саясатчылар жооптуу деп эсептейт. 

Туура эмес туюндуруулар

Булар менен катар, айрым ММКлар же бийликтеги үзгүлтүксүз ѳзгѳрүүлѳрдү кѳзѳмѳлдѳѳгѳ жетишпей жатты, же болбосо кээ бир саясий күчтѳргѳ жеке иш-аракеттерин мыйзамдаштырууга атайылап эле жардам берип жатышты. 

Мисалы, 6-октябрь күнү кечинде Жогорку Кеӊештин депутаттары Ак үй талкалангандыктан, «Достук» мейманканасында кезексиз жыйынга чогулушту. Ал жерге журналисттерди киргизишкен жок. Ошол эле күнү кечинде спикер Дастан Жумабеков отставкага кеткендиги белгилүү болсо, жаӊы спикер Мыктыбек Абдылдаев ММКларга парламент коалициясы премьер-министрликке Жапаровду тандоо чечимин кабыл алгандыгын, ал эми   Жапаров, ѳз кезегинде, ѳзүнүн программасын, түзүлүшүн жана ѳкмѳттүн курамын кѳрсѳтүүгѳ тийиш экенин билдирген.  

Аталган кечте «Вечерний Бишкек»  маалымат агенттигинин сайтында Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп шайлангандыгы тууралуу маалымат жайгаштырылган. Ошентип, чындыгында андай болбосо да, анын кызматын  легитимдештирип коюшкан. 

Бул жагдайда процедуралардын канчалык деӊгээлде мыйзамдуу экендиги боюнча юристтерден комментарийлер алынып, так маалымат жана зарыл болгон учурда окурманга иштердин абалы тууралуу түшүндүрмѳ берилиши керек болчу.   

Бул ишти Kaktus.media редакциясы ийгиликтүү аткара алды. Басылма баштемасында эле Жапаровдун премьерликке коалиция тарабынан тандалганын, ал эми анын кызматка дайындалышы тууралуу азырынча кеп боло электигин түшүндүрүп жазган.  

Кийинчерээк Kaktus.media ѳзүнчѳ макала аркылуу окурмандарга  Жапаров азырынча премьер эмес экендигин, жана депутаттар жѳн гана анын талапкерлигин кѳрсѳткѳндүгүн түшүндүргѳн. Ошол эле мезгилде, «Адилет укук клиникасы» КБ тарабынан жүргүзүлгѳн анализде премьер-министр Кубатбек Бороновдун отставкасы, Мыктыбек Абдылдаевдин Жогорку Кеӊештин тѳрагалык кызматына дайындалышы, ошондой эле Садыр Жапаровдун ѳкмѳт башчысы кызматына кѳрсѳтүлүшү жѳнүндѳгү маселелерди карап жатканда, Кыргызстандын Конституциясынын талаптары одоно бузулгандыгы айтылган. Кѳпчүлүк ММКлар бул документти жарыялашкан. 

«Бул ММКлардын абсолюттук таза иштѳѳсү жагынан эӊ туура доомат. Экинчи жагынан, юридикалык ньюанстарды, кимди, качан жана кандай атай турганды  жалпы түшүнүүгѳ байланыштуу келип чыккан маселе. Бирок, бул андай деле орчундуу маселе болуп саналбайт, бардык эле нерсе басма сѳз кимди кандайча атай турганынан кѳз каранды боло бербейт. Анын үстүнѳ, окуялар ѳтѳ тездик менен ишке ашкан, эксперттер менен да, юристтер менен да байланышуу мүмкүн болбогон мындай кырдаалдарда ММКлар тарабынан кызматка дайындоолор боюнча туура эмес туюндуруулар берилиши толук ыктымал», – деп эсептейт Азамат Тынаев.

Ал мындай каталар журналисттик тренингдерде түшүндүрүлүп, журналистика факультетинин студенттери үчүн окуу курстарына киргизилүүгѳ тийиш экендигин айтат. Бирок, муну менен бирге, журналисттер бул сыяктуу жаӊылыштыктарды кетирген реалдуу абалдарды да жакшылап аӊдап-билүү зарыл дейт. 

«Баарын интернеттен текшерип, керектүү маалыматты чыгарып алган бѳлмѳ журналисттеринин жайы башка. Ал эми, мындай түшүнүксүз, карама-каршы талкуулар, чечимдер болгон учурда кѳчѳдѳ же бийликтин коридорунда ары-бери чуркап жүргѳн кабарчылар тууралуу айта турган болсок, анда бул толугу менен форс-мажордук шарттар экенин түшүнѳ алабыз.  Эгерде кайсы бири кимдир-бирѳѳнү премьер-министрдин милдетин аткаруучу деп эмес, түз эле премьер-министр деп атап алса, бул абалда бүлдүрүүчү иш тууралуу кеп болбошу керек. Андай кабарларды олуттуу бир талкуу предметине айлантууга кажет жок деп эсептейм. Бул ММКлар бийликтин мыйзамдашуусуна кѳмѳктѳштү деп эсептѳѳ – ѳтѳ эле туура эмес», – дейт эксперт.

Дагы эле коргоосуз

Эксперттер Кыргызстандагы саясий каатчылыкты чагылдырууда ММКлардын ишмердүүлүгүнүн дагы бир маанилүү аспектиси катары журналисттердин коопсуздугун эсептешүүдѳ. 

«5-октябрда журналисттер ѳз ишин мыкты аткарышты, алар маалыматты сайттарда гана жарыялабастан, түз эфирлерди да уюштурушту. Бул болсо маалыматты туура, болгонун болгондой кылып берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздады. Журналисттер болуп жаткан окуяларды толук алып кѳрсѳтүү аракети менен ок атылган жерде алдыӊкы катарда иштеп жүрүштү. Мындай аракеттер сый-урматка татыйт, ошентсе да журналисттин ѳмүрү менен ден соолугу баарынан жогору турат», – дейт медиаэксперт Марат Токоев.

Ал редакциялардын ѳз кызматкерлерин кооптуу шарттарда иштѳѳгѳ даярдоосу боюнча нааразычылыгын билдирди. 

«Журналисттердин коопсуздугун камсыздоонун деӊгээли мени абдан эле кейитти. Редакциялар ѳз кызматкерлерине кандайдыр бир коргоочу кийим-кечелерди берүүгѳ тийиш болчу. Мындан тышкары, менин байкашымча, журналисттер митингде бирден-экиден эле иштешти. Ал эми коопсуздук эрежелерине ылайык, бир нече кишиден турган топтор менен иштѳѳсү зарыл. Себеби, мындай учурларда кол салуулар, коркутуп-үркүтүүлѳр да болот. Бул жагынан редакциялар бардык нерселерди ойлонуштурууга тийиш эле. Эл аралык уюмдар тарабынан таратылган жилеттер аз да болсо абалды жеӊилдеткендей. Ошентсе да, жилет менен кѳйгѳй чечилбейт да. Журналисттердин коопсуздугу жакшылап ойлонуштурулушу керек эле», – деп эсептейт Токоев.

Алгач митингдин катышуучулары журналисттердин ишине түшүнүү менен мамиле кылып, аларга тоскоолдук жараткан эмес. Бирок, окуялардын күч алышы менен бардыгы ѳзгѳрүп кетти. 2020-жылдын 9-октябрында Ѳкмѳт үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун жактоочулары тарабынан уюштурулган митингди чагылдырып жатканда редакциянын митингди «туура эмес» чагылдырып жатат деген айыптоо менен  «Азаттык Медианын» кабарчысы митингдин катышуучуларынын   коркутууларына кабылган. 

Коркутуп-үркүткѳндѳрдүн бири «Азаттыктын» кеӊсесине бара тургандарын айтып, аянттан кетип калуусун талап кылган. Журналисттин айтуусу боюнча, аны колунан сүйрѳп, бутка тебишкен. Жеке коопсуздугу үчүн түз алып берүүнү токтотуп, аянттан кетүүгѳ мажбур болгон. Түрдүү булактардан бир катар ММК кеӊсесине чабуулдар даярдалып жаткандыгы тууралуу маалыматтар кѳп тарагандыктан,  

«Азаттык Медиа»«24.kg» МА, «Sputnik Кыргызстан» жана Kaktus.media редакциялары кеӊселерин кол салуулардан коргоп берүүсү үчүн ыктыярдуу дружиначыларга кайрылышкан. Натыйжада, укук коргоо органдары тарабынан кайтаруу мүмкүнчүлүгү болбогонунан улам, аталган басылмалардын кеӊселерин ыктыярдуу дружиначылар кайтарышкан. 

«Бийликке умтулган саясий лидерлердин ѳз жактоочуларына журналисттерге тийишпѳѳ жѳнүндѳ эскертүү берип койбогондору ѳтѳ кейиштүү. Себеби, сѳз эркиндиги – демократиянын маанилүү аспаптарынын бири эмеспи», – дейт Токоев.

Азамат Тынаев бул жолу бийликтегилер коомдогу туруктуулукту камсыздоо менен катар эле массалык иш-чаралар учурунда, айрыкча журналисттер менен чечишүү, редакцияларынын кеӊселерине кол салуу сыяктуу чакырыктар айтылган  абалдарда басма сѳздүн аткарган ролуна жана журналисттердин коопсуздугуна ѳзгѳчѳ кѳӊүл бѳлѳт деген ишенимде экенин билдирди.  

«Саясатчылар ѳз жактоочулары менен иштѳѳгѳ тийиш. Бул андай деле кыйын талап эмес. Митингдер команда бергендей жакшы ѳткѳнүн кѳрдүк. Бул абалда алаксытуучу ыкма болду деп айта албайбыз. Баары эле нота боюнча болгондой,  жогорку деӊгээлде координациялуулук, шайкештик байкалды деп айтып жатышат. Бирок, Садыр Жапаров да, Камчыбек Ташиев да ѳз жактоочуларын басма сѳз ѳкүлдѳрү менен урушпоого, алардын абалын кооптуу шарттарга алып келбѳѳгѳ чакырган жок», – дейт Тынаев.

Анын пикири боюнча, журналисттерге карата мындай мамиле медиасабаттуулуктун алсыздыгы менен байланыштуу. 

«Бизде, албетте, басма сѳздүн тигил же бул медианын дестабилизация, гүлдүү тѳӊкѳрүштѳрдүн кандайдыр бир аспабы катары колдонулуп жаткандыгы тууралуу абалды козгоп жаткандыгына байланыштуу стереотиптердин кеӊири жайылышы маанилүү роль ойноодо. Мына эми мунун кесепетин кѳрүп жатабыз», – деп белгиледи эксперт. 

Журналисттердин жеке физикалык коопсуздугуна байланыштуу маселе дайыма кѳзѳмѳл алдында болууга тийиш.

«Басма сѳз деле бир ѳнчѳй эмес, анда айрым редакциялар же ѳзүнчѳ журналисттер кесиптик каталарды кетирип, калыс, объективдүү позициясын сактап кала албаган учурлар деле болду. Жалпы жонунан баары теӊ маалыматты  ыкчам берүү, тез анализдѳѳ, болуп жаткан окуяларга оор басырыктуу мамиле жасоо аркылуу  мыкты иш алып бара алышты. Эл болуп жаткан окуялардын баарын угуп-кѳрүп жатты. Бул кийинки саясий анализ үчүн абдан маанилүү, бул биздин жылнаама, бул биздин хроника», – дейт Тынаев. 

Муну менен бирге ал жаӊы бийликти 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкекте уюлдук байланыш менен интернетти ѳчүрүп салуу фактысына да кѳӊүл бурууга чакырды. Анын ою боюнча, бул – окуяларды майда-чүйдѳсүнѳ чейин иликтѳѳнү талап кылган кейс. 

«Ѳзүӊѳр деле элестетип кѳргүлѳ, ѳзү эле коомдук башаламандык болуп жатса, же уюлдук байланыш жок, же мобилдик интернет жок. Маалымат тоталдуу түрдѳ жок болгон, шаар жалаӊ жаштарга, болгондо да ар түрдүү жаштарга толгон учурда эмне болуп кетиши мүмкүн? Мунун кесепетин ойлогондон да коркосуӊ. Мындай абалда байланыш операторлорунун, интернет-провайдерлердин  туруктуу иштѳѳсүн камсыздоо зарыл. Баштан ѳткѳндѳр кийин дагы кайталанбашы үчүн Коопсуздук кеӊешинин, министрлер кабинетинин деӊгээлинде чечилүүгѳ тийиш», – деп белгилейт медиаэксперт.

 

 

Башкы сүрөт: diario16.com

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу