Жүктөө
Басып чыгаруу

Нааразылык акцияларында иштѳѳ учурунда журналисттик коопсуздуктун 10 эрежеси

Митингдер, пикеттер, демонстрациялар аркылуу жѳнѳкѳй эл бийликтин иш-аракеттерине карата нааразылыгын билдирет. Ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдѳ бул демократиянын таасирдүү аспаптарынын бири. Бирок Борбор Азия ѳлкѳлѳрүнүн кѳпчүлүгүндѳ калк массалык нааразылыктарды кайсы бир маселеге карата мамилесин бийликте тургандарга жеткирүү максатында колдонууну үйрѳнүп келе жатат.  

Кѳп учурларда мындай акциялар күч түзүмдѳрү менен кагылышууга алып келип, натыйжада катардагы жарандар менен кѳчѳ демократиясынын кѳрүнүштѳрүнүн алмашкыс күбѳлѳрү жана спутниктери болгон журналисттер жапа чегип калышат.   

Нааразылыктардын потенциалы жогору болгон Кыргызстандын медиа-эксперти Азамат Тынаев менен CABAR.asia медиамектеби ММК ѳкүлдѳрүнүн митингдерди чагылдырып жатканда ѳздѳрүн кантип коргой тургандыгы тууралуу сунуштарды иштеп чыгышты.

#1 Редактор журналисттерди кайда жиберип жатканын жакшы түшүнүүгѳ тийиш

Чындыгында, митингдерди жана массалык нааразылык акцияларын чагылдыруу боюнча бирдиктүү эреже жок. Ар бир учур индивидуалдуу мүнѳзгѳ ээ. Эмнеге даяр болушту алдын-ала эч качан биле албагандыктан улам, биз муну экстремалдык журналистика деп атайбыз.

Бул болсо, нааразылык акцияларын же атайы операцияларды чагылдырууга аттанаардан мурун кырдаалды баамдап чыгыш керек дегенди түшүндүрѳт. Ооба, жашоодо улам жаӊы тоскоолдуктар чыга берет, ошентсе да эмне кылуу керек экендигине багыт кѳрсѳтүп турган мүнѳздүү белгилер болот. Редакторлор «талаада» иштѳѳнүн негизги ньюанстарын билүүгѳ жана алардын жардамы менен журналист үчүн кооптуулук даражасын баамдап-билүүгѳ тийиш.  

Кеп фрилансерлер тууралуу болбогондо, журналистти мындай жаӊылыктарды чагылдыруу үчүн жѳнѳтүү чечимин редактор гана кабыл ала алат. 

Ал эми потенциалдуу тобокелдер менен коркунучтар үчүн редактор гана жооп берет.

#2 Журналист нааразылык билдиргендердин тилинде сүйлѳй алышы керек

Нааразылык  акциясына тажрыйбалуу жана стресске туруштук бере алган журналистти жиберүү абзел. Жалгыз бирѳѳнү эмес, бир нечесин чогуу жиберсе андан да жакшы. Мындай окуяларда бири-бирине жѳлѳк болуу максатында жупташып иштеген туура болот.

Мындан тышкары, толкундоо учурунда улутчулдук маселелери да курчуп кетиши ыктымал. Ошондуктан, редактор кызматкерин окуя болгон жерге жиберип жатып, бул жагдайды да эске  алууга тийиш. 

#3 Жынысына карабай!

Толкундоолордун эпицентринде иштеген журналисттин гендердик таандыктыгына келе турган болсок, эч кандай деле ѳзгѳчѳлүк жок. Окуянын катышуучуларынын агрессиясы ММК кызматкерлеринин жынысына карабайт.

#4 Митингге шиш такалар жарабайт

Митингге аял барабы же эркекпи, маанилүү эмес. Бирок, кырдаалга ылайык кийинүү ѳтѳ маанилүү.

Эреже катары, мындай майда-чүйдѳ нерселерге эч ким деле кѳӊүл бурбайт. Бирок, нааразылык акциясы ѳтүп жаткан жерден шиш така кийген журналист айым репортаж алган учурлар кѳп эле байкалат. Бул туура эмес, себеби экстремалдык кырдаалдарда окуя болуп жаткан жерден тез аранын ичинде чыгып кетүү зарыл болуп калышы ыктымал. Ыӊгайсыз бут кийим менен канчалык тез жана канча жерге чейин жете алат?

#5 Униформа сактап калат, бирок дайыма эмес

Митинг шарттарында журналисттерге аларды башкалардан айырмалоочу белгилер керек. «Басма сѳз» деген жазуусу бар жилеттердин жетиштүү деӊгээлде таасирдүү болбогонун практика кѳрсѳттү. Пассивдүү коргоонун кошумча каражаттары катары стикерлер, колго байлануучу таӊуулар же бейсболкалар болууга тийиш.

Ошону менен бирге эле, журналисттин униформасы элдин жоон тобунда кыжырданууну же башка коркунучтарды жаратышы мүмкүн экенин эстен чыгарбаш керек. Айрыкча, укукка каршы иш-аракет жасаган же болбосо кимдир-бирѳѳ тарабынан акча тѳлѳнгѳн топтордун жасаган иштери чагылдырылган учурда ѳтѳ кооптуу. 

#6 Баш жарылгыча, шлем сынсын

Велосипед шлемдерин же болбосо курулуш каскаларын кийүү – баш сѳѳк –мээ  травмасынын алдын алуунун эӊ мыкты жолу.  Ѳзгѳчѳ, жоон топтун ичиндеги кишилер ар кайсы тарапка таш ыргыта баштаган учурда булардын пайдасы чоӊ.

Ошентсе да, журналисттер шлемдин пайдасын дайыма эле баалай беришпейт. ММКлардын биринин кызматкери жерге жыгылып түшкѳндѳ шлем жарылып кеткендиктен, велосипед шлемин экинчи кийбейм деп чыккан учур да болгон.  Буга эмне деп айта алабыз? Жигит бул жерден туура эмес жыйынтык чыгарган: эгер шлем болбосо, башы жарылмак. 

#7 Милитари стилиндеги кийим - табу

Массалык акцияларды чагылдырууда аскердик стилдеги ар кандай амуницияга тыюу салынат. Журналист жарандык кийим кийүүгѳ тийиш.

#8 Митингге кымбат баалуу техниканын кереги жок

Журналисттик техника менен элдин назарын бурууга кажет жок. Ѳзгѳчѳ, агрессивдүү топтун ичинде муну эстен чыгарбаш керек.  Кымбат баалуу техника тоноочулук аракеттерин пайда кылышы мүмкүн.

Стримдерди смартфондон эле жүргүзсѳ болот.  Анын үстүнѳ маалымат берүүнүн мындай ыкмасын журналисттер гана эмес, катардагы жарандар да колдонушат.

Биз түз эфир этикасын эми гана түшүнүп, ѳздѳштүрѳ баштадык. Журналисттин арсеналында бул аспап жаӊы пайда болгон жок, бирок толук дагы изилдене элек. Оператор камераны күйгүзүп коюп, эмнени тартып жатканын ойлонбогон учурлар арбын.    

Эмнеси болсо да процесске толугу менен кирип, кадрда эмне болуп жатканын аӊдап-түшүнүү зарыл.

#9 Кастык тилинен баш тарткыла

Дагы бир маселе – журналисттердин социалдык тармактарда жарыялаган контенттери. Эмоция жана стресстин таасири астында кишилер туура эмес постторду жазып коюшат. Бул болсо басма сѳзгѳ карата терс мамилеге жол ачышы мүмкүн.  

Журналисттерди максималдуу түрдѳ калыс, объективдүү болууга жана жеке баракчаларына ооз кѳптүргѳн кооз сѳздѳрдү, заар, тукуруучу сѳздѳрдү жазбоого, кастык тилин колдонбоого үйрѳтүү зарыл.

Чырдуу окуялар жѳнүндѳгү контент боюнча окуя бүткѳндѳн кийин деле журналистке карата доо арыз менен кайрылган учурлар практикада бар. Тактап айтканда, абал турукташкан, кѳйгѳй эчак эле унутулган, бирок редакцияга доо арыз келип түшѳт.

Мындан журналист ѳзүнүн физикалык коопсуздугун гана эмес, келечекте анын материалы, айткан сѳздѳрү кѳйгѳй жаратпай турганын да камсыздоого тийиш экенин түшүнүш керек.

#10 Эӊ башкы эреже

Бир дагы репортаж журналисттин ѳмүрүнѳ арзыбайт. Биз окуялардан четке чыгып кете албайбыз, бирок коопсуз аралыкта турушубуз керек. 

Биздин кесипте бул боюнча кош маанилүүлүк байкалат: бир жагынан ѳзүбүздү сакташыбыз керек десек, экинчи жагынан бул кесиптик тобокел – жумушубуздун бир бѳлүгү.

Главное фото: RFE/RL

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу