Жүктөө
Басып чыгаруу

Жаңы медиадагы геймификация. Геймификация куралдары Борбор Азия журналист-тери үчүн жеткиликтүүбү?

Геймификация – адамдардын ой жүгүртүүсүн өзгөртүүгө же жалпыга маалымдоо каражатта-рына көбүрөөк аудиторияны тартууга багытталган журналистиканын жаңы багыты. Бирок, геймификацияланган контентти түзүү татаал жана бир топ чыгымды талап кылат. Демек, геймификацияга каражат коротуу зарылбы? Ал Борбор Азия журналисттери үчүн канчалык жеткиликтүү?

Дерек Келин. Photo: github.com/DerekCaelin

Оюндардун коомго тийгизген таасирин изилдөөчү, мурда АКШда оюндарды иштеп чыгуучу болгон Дерек Келин CABAR.asia Meдиамектебине маек берди. Ал геймификация-нын артыкчылыктары, журналисттер өз иштеринде оюндарды кандайча колдоно алаары жа-на Борбор Азия журналисттери үчүн геймификация куралдарынын жеткиликтүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Журналисттер өз иштеринде геймификацияны эмне үчүн пайдаланышат?

– Көпчүлүк адамдар «геймификация» сөзүн колдонуп, алгач оюн болбогон нерсеге оюн ме-ханизмдерин киргизип, контентти кызыктуу кылуу үчүн колдонушат. Журналистикадагы геймификация жөнүндө сөз кылганда, башкача айтып жеткирүүгө болбой турган окуяларды оюндарды колдонуп айтып берем, ошондо аудитория пассивдүү болбой контент менен өз ара аракетке өтөт. Бул журналистиканын салттуу ыкмаларынан айырмаланат, мисалы, адам менен маектешүү кандайдыр бир статистика менен айкалышат же тескерисинче, окуя жеке баян менен айкалышып эмоцияны күчөтөт.

Менин жеке оюмча, бул абдан кызыктуу жана кесиптик технологиялык чеберчиликти талап кылбайт, бирок окуяны баяндап жеткирүүнүн сапаттык башка түрү. Салттуу форматтар сыяктуу эле оюндарды жалпыга маалымдоо каражаттарында маанилүү маселелерди доку-менттештирүү же баяндоо үчүн колдонууга мүмкүн. Мисалы, Сириядагы жаңжал темасы ЖМКнын интерактивдүү контентинде кеңири чагылдырылды. «1000 Days of Syria», «Syrian Journey: Plan your Escape Route», «Endgame: Syria» жана «Project Syria» – булар окуяны ба-яндап жеткирүү форматындагы интерактивдүү оюндардын үлгүсү, мында оюнчуну башы-нан согушту кечирип жана чыр-чатак чыккан аймактан аман калып качып кетүү чечимин кабыл алган Сириянын жаранынын ордуна коюшат.

Салттуу журналистиканын форматтарына салыштырмалуу геймификация өзгөчөлүктөрү кандай?

Оюндар салттуу форматтардан интерактивдүүлүгү менен айырмаланат. Видео, аудио жана басма сөз каражаттарында бирдей баяндоолор колдонулат: окуя аны ким көрүп жат-кандыгына жараша өзгөрбөйт жана көрүүчү анын жүрүшүнө таасир берген чечимдерди кабыл албайт. Оюндар интерактивдүү болот башкача айтканда, сюжет түзүүгө жана өнүктүрүүгө аудитория активдүү катышат. Мындай интерактивдүүлүк оюндардагы окуя менен колдонуучунун өз ара аракеттенүү деңгээли такыр башкача экендигин билдирет.

Оюндар оюнчулардан белгилүү бир каармандар катары ойноп, чечим кабыл алуусун жана ошол чечимдердин жыйынтыгын байкап турууну сунуш кылат. Дал ушул интерактивдүүлүк оюндарды мугалимдерге, машыктыруучуларга жана белгилүү бир көйгөй боюнча башкача көз карашты билдирген адамдарга пайдалуу кылат.

Журналистикада геймификацияны колдонуу канчалык натыйжалуу?

Стэнфорд университети виртуалдуу реалдуулук жана эмпатия сезимин пайда кылуу боюнча изилдөө жүргүзгөн. Изилдөө видео оюндар адамдардын кээ бир маселелерге карата көз ка-рашын өзгөртө аларын же адамдардын окуяларга кандай мамиле кыларын билүүгө багыт-талган. Окумуштуулар туруктуу жашаган жери жок адамдар жөнүндө оюндун базасында узак мөөнөттүү изилдөө жүргүзүшкөн. Оюнчудан виртуалдык кийим кийип, үй-жайсыз кал-ган адам үчүн чечим кабыл алуу сунуш кылынган. Изилдөөнүн жыйынтыгында, көптөн бе-ри оюн ойноп келген адамдардын жоон тобунун үй-жайсыз калган адамдарга жана аларга кандай мамиле жасоо боюнча көз караштары өзгөргөн.

Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарында геймификация канчалык кеңири жайылган?

Жалпысынан, оюндарды жасоо журналистиканын тез темпинен артта калып жатат деп ой-лойм. Аларды жасоо үчүн атайын шарттар талап кылынат, оюнду ийгиликтүү кылуу үчүн акча салгысы келеби же жокпу, редакторлор чечиши керек. Көбүнчө адамдар чыныгы жашоодогу окуяларды же окуялар жөнүндө айтып берүүнү жактырышат. Оюнду жаратуучу-лар адамдарга белгилүү бир бүтүмдөрдү жеткирүү үчүн, баяндоонун чектерин жылдырууда оюндардын күчүн колдонушат.

Менин оюмча, салттуу журналисттер оюндарды окуяны баяндап жеткирүүнүн сапаттуу ык-масы катары колдонушат, бул оюндардын мүнөзүнө көбүрөөк ылайыктуу. Баяндоонун де-мейки ыкмалары дагы деле салттуу. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын көпчүлүгү видео, аудио, басма мазмуну же онлайн режиминде керектелет.

Оюндарды жана жаңы технологияларды өз ишине киргизүү үчүн журналисттер кандай көндүмдөргө жана билимдерге ээ болушу керек?

Оюндарды түзүү өтө татаал жана көп учурда көп милдетти жүктөнгөн команда талап кылы-нат (же адам). Ушул себептен оюндарды өндүрүү, керектөөгө бирдей эле убакытты сарптай турган видеого же басып чыгарууга караганда кымбатыраак болушу мүмкүн.

Оюндарды жасоо кадимки журналисттик чеберчиликтен тышкары бир катар көндүмдөрдү талап кылат. Сиз окуялардын ачык жүрүшү менен татаал таржымалды түзүү боюнча журна-листтик кондүмдөрдөн тышкары, видео жана аудио өндүрүшү үчүн, ошондой эле оюн ком-поненттерин иштеп чыгуу үчүн технологиялык көндүмдөрдү колдонушуңуз керек.

Бирок технологиялар өнүгүп, оюн жаратууга мүмкүнчүлүк берген шаймандар пайда болду. Албетте, татаал визуалдык жана аудио контентти камтыган дымактуу долбоорлорду түзүү үчүн журналисттер тажрыйбалуу оюн жаратуучулар менен өнөктөш болушу керек. Көптөгөн варианттар бар. Айрыкча команда өндүрүш процессин колдоо үчүн каражат ала алса, студенттер жана көз карандысыз оюн иштеп чыгуучулар менен кызматташуу пайдалуу.

Каржылык колдоонун жоктугунан улам, Борбор Азиядагы журналисттер үчүн гейми-фикация куралдары жеткиликтүүбү? Аларга кандай кеңеш берет элеңиз?

Көптөгөн жеткиликтүү куралдар бар. Twine Game Engine бул эч кандай код жазуу көндүмдөрүсүз колдонууга боло турган өтө жеткиликтүү курал. Бул курал программалоо жөндөмү жок адамга сюжеттик тарамдары чырмалышкан окуяны айтып берүүгө жардам бе-рет. Ал онлайн режиминде бар, сиздин компьютериңиз болсо жүктөп алган соң орнотуп ал-саңыз болот.

Бул эң жөнөкөй курал, бирок сиз дымактуу болсоңуз жана тексттин блокторун эле эмес, башка оюн элементтерин колдонууну кааласаңыз, анда программист же оюн иштеп чыгуучу менен иштешүүңүз керек деп ойлойм. Сиз университеттер же көз карандысыз оюн иштеп чыгуучулар менен кызматташа аласыз. Кеп оюн канчалык татаал болсо, ошончолук көп жөндөмдөрдү жана ресурстарды (убакыт жана акча) түзүүгө туура келет.

Көпчүлүк учурда оюндун үстүндө узак убакыт иштесеңиз, кошумча бюджет керек болуп ка-лат, ошондуктан акча издей баштайсыз. Ушул себептен журналисттер Твинге окшогон акысыз жана жеткиликтүү куралдарды карап көрүшкөнү талапка ылайык болот. Сиз жөн гана сөздөрдү колдонуп, бир нече чуулгандуу окуяларды жасасаңыз болот. Мындан тышка-ры, бул куралдар кыйла арзан жана ал жерде оюндарды жаратуу тезирээк жүрөт. Twine – бул акысыз жана ачык булактагы курал, ошондуктан аны каалагандар колдоно алышат.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу