Download
Print

Анастасия Валеева: Дата-журналистика деген эмне?

Дата-журналистика же сандар менен иштеген журналистика эмне экенин  билгиӊер келеби? 

Бул суроого ар бир дата журналисттин ѳзүнүн жообу бар. Ошону менен бирге эле, ар кандай мифтер жана жаӊылышуулар да жок эмес. Ошондуктан, келгиле биринчи кезекте туура эмес түшүнүктѳрдѳн арылалы. Дата-журналистика – бул сѳзсүз эле сандык кѳрсѳткүчтѳргѳ толгон баяндар эмес; сандар менен иштеген журналистика – дайыма эле инфографика же кандайдыр бир татаал нерсе боло бербейт.  

Ооба, дата-журналистикада сандар да, инфографика да бар. Ал тургай ири сандык маалыматтар да колдонулушу ыктымал.  Ошондой эле, бул багыт чындап эле татаал.  

Бирок, башка маанилүү нерсе – сандар менен иштеген журналистика – бул, биринчи кезекте, сандарды пайдаланган  журналистика.

Кеӊири жайылган аныктамалардын биринде мындай деп айтылат: Дата-журналистика – бул «журналисттик материалдарды жаратуу үчүн сандарды топтоо, тазалоо, уюштуруу, анализдѳѳ, визуалдаштыруу жана жарыялоо». Бул аныктамада дата баянды жаратуудагы негизги кадамдар берилген. Бардыгы кезеги менен болсун.

1-этап. Маалыматтарды топтоо

Дата баянды түзүүнүн биринчи этабы – маалыматтарды топтоо. Бирок, кандай маалыматтарды чогултуу керек экенин кантип биле аласыӊар? Бул жерде эки вариант бар: же силерде башынан эле жообу сандардан табыла турган бир суроо бар, же болбосо ичинен кызыктуу учурларды табууну кѳздѳгѳн кѳрсѳткүчтѳр келип түштү. 

Биринчи ыкма боюнча эргүү ар кайсы жерден пайда болушу мүмкүн. Мисалы, күн тартибинен. Жаӊылыктар сайтын ачып, жашаган шаарыӊарда жаӊы мектеп курууга убада беришкенин окудуӊар. Муну силер жообун сандардан табуу мүмкүн болгон суроого айландыра аласыӊар. Мисалы: учурда шаарда канча мектеп бар, ал мектептерде канча окуучу билим алат жана жаӊы бир мектеп мекемелерге окуучулар батпай жатканына байланыштуу кѳйгѳйдү чече алабы? Демек, бул суроолорго жооп бериш үчүн орто мектептик билим берүүнүн статистикасы боюнча маалыматтарды топтоп чыгышыӊар керек.  

Айрым учурларда силерге маалыматтар ѳздѳрү келип түшѳт. Билим берүү жана илим министрлиги ѳлкѳ боюнча жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлѳрүнүн саны тууралуу маалымат жарыялады дейли. Бул маалыматтарды карап чыгууда мындай суроолор пайда болушу ыктымал: Ѳлкѳдѳ кайсы кесип боюнча кѳбүрѳѳк бүтүрүүчү чыгат? Бул жаӊы трендби же жылдан жылга улануучу туруктуу абалбы? Мындай адистер үчүн рынок барбы? Ошентип, силерде маалыматтардын бир бѳлүгү бар, ошону менен бирге эле, адистиктер боюнча бош орундардын саны сыяктуу кошумча маалыматтар дагы зарыл болуп калышы мүмкүн.   

2-этап. Маалыматтарды даярдоо жана анализдѳѳ

Баян үчүн зарыл болгон сандардын баарын чогулткан соӊ, аларды анализдеп жана иштеп чыгууга ашыксаӊар керек. Бирок, ѳтѳ шашылбагыла. Антпесе, ишти кайра башынан баштоону талап кылган кѳп каталарды кетирип алышыӊар ыктымал.  

Дата журналистикада кѳп эмгекти талап кылган негизги процесстер – бул маалыматтарды тазалоо жана уюштуруу. Эреже катары, бул иш-аракет Microsoft Excel программасында же башка таблицалык процессорлордо аткарылат. Муну онлайн же болбосо маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча тренингдерден үйрѳнсѳ болот. Натыйжада, сандарыӊар «тазарууга», тактап айтканда, компьютердин жардамы  менен анализдѳѳгѳ жарамдуу болуп калууга тийиш.   

Компьютер маалыматтарды кантип анализдейт? Биринчи кезекте, булар сумма жана орточо маанилерди эсептѳѳ, үлүштѳрдү чыгаруу же кѳрсѳткүчтү ѳзгѳртүү сыяктуу жѳнѳкѳй математикалык операциялар. Мындагы айырма – эсептѳѳлѳрдүн калькуляторго караганда компьютер менен тезирээк аткарылышында жана аларды аябагандай кѳп кѳрсѳткүчтѳр менен ишке аткаруу мүмкүн экендигинде.   

Бирок, бул жерде эӊ башкысы – бул журналистика; тактап айтканда, жогорудагы эсептѳѳлѳр баян үчүн суроолоруӊарга жооп берүүгѳ кандайча жардам бере ала турганы. Мисалы, силер жашаган шаардын мектептеринде бир класста орто эсеп менен канча окуучу билим алып жаткандыгын аныктоо үчүн шаардагы бардык мектеп окуучуларын кошуп, алынган сумманы класстардын суммасына бѳлүш керек.    

Ал эми кайсы класста окуучулар ѳтѳ кѳп экендигин аныктоо үчүн ар бир класстагы окуучуларды санап чыгып, кѳрсѳткүчтѳрдү максималдуу сандан минималдуу санга чейин сорттоп чыгуу талап кылынат. 

Эсептѳѳ канчалык оор болсо, ошончолук күтүлбѳгѳн баян жарата аласыӊар. Мисалы, статистикалык анализдин ыкмаларын колдонуу менен, корреляцияны, ал тургай бир кѳрсѳткүчтүн экинчисинен кѳз карандылыгын аныктап чыгуу мүмкүн. Улуттук мектеп тестинин жыйынтыктары класстагы окуучулардын санынан кѳз карандыбы? 

3-этап. Маалыматтардын коммуникациясы

Ошентип, анализиӊерди аяктап, бул тууралуу аудиторияӊарга айтып берүүгѳ даяр болгон соӊ, баян үчүн туура сѳздѳрдү, сүрѳттѳрдү жана каармандарды тандоого убакыт жетти. 

Сандар жѳнүндѳ супсак жазуунун кереги жок, бардык эсептеп чыгарууларыӊарга шилтемелерди калтыруу менен математиканы кадрдын артына калтырып коюуга болот.  Ал эми баяндын ѳзүндѳ силер сандардан аныктап чыккан нерсе жашоодо кандайча байкалып жатканын жана кандай кесепеттерге алып келе турганын айтып бере аласыӊар. 

Ѳзүӊѳрдүн материалыӊарда кѳтѳрүп чыгууну каалаган маселени иллюстрациялоо үчүн кандай эксперттер менен каармандарга муктаждык бар экенин ойлонуп чыккыла. Балким, каарман катары, ата-энеси окуучулардын саны анчалык кѳп болбогон башка мектепке которгонго чейин класста эӊ начар окуган баланы аласыӊар?  

Баяныӊарды айтып берүүнүн бир ыкмасы – маалыматтарды визуалдаштыруу. Мында дизайндын базалык принциптерин жана аудиторияга жеткирүүнү каалаган нерсеге графиктин ылайыктуу тибин тандоону жакшы билишиӊер керек. Категориялар боюнча маалыматтарды салыштыруу үчүн мамычалуу диаграмма жана трендди белгилѳѳ үчүн сызыктуу график сыяктуу классикалык графиктер эч качан модадан чыкпайт.   Ал эми эгер силер сынап кѳрүүнү кааласаӊар, графиктин керектүү тибин тандап алууга жардам бере турган кѳп сандагы  каталогдор менен онлайн ресурстар бар.   

Визуалдаштырууларды түзүү боюнча кѳптѳгѳн онлайн аспаптар, алардын ичинде акысыздары да бар. Ишке жаӊыдан киришип жаткандарга  Датарапперден (сайтта  нускамалары менен блог бар),  Инфограмдан баштоо, ал эми жакшы билген колдонуучуларга  Флориш жана Табло менен таанышуу сунушталат. 

Кеӊештер:

*цифралардан коркпогула

* ишти идеядан визуалдаштырууга чейин этаптар боюнча уюштургула

* жаӊылыктарды кѳп окуп, алардын себебин жообун сандардан табууга мүмкүн боло турган суроого айландыргыла

* аналитикалык отчёттор менен изилдѳѳлѳрдү окуп, бул тилди түшүнүүгѳ аракет жумшагыла

* Microsoft Excel программасынын функцияларын үйрѳнгүлѳ

* эгер силер маалыматтарды визуалдаштыруу чѳйрѳсүндѳ жаӊыдан ишке киришкен болсоӊор,  “Datawrapper” сервисинен баштап кѳргүлѳ. 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Download
Print