Download
Print

Диана Дуцик: аналитикалык журналистика деген эмне жана кантип аналитик журналист боло алабыз?

Журналистикадагы аналитикалык багыт – ѳз ичине аналитикалык макала, аналитикалык репортаж сыяктуу жанрларды, ал тургай аналитиканын элементтери бар интервьюну камтыган бир бүтүн комплекс. Биз маалымат менен иштѳѳдѳгү комплекстүү жана татаал мамиле тууралуу кеп кылып жатабыз. Ири кѳлѳмдѳгү маалыматты иштеп чыгып, ага анализ жүргүзгѳн соӊ, окурманга же кѳрүүчүгѳ жѳнѳкѳй жеткиликтүү түрдѳ берүү зарыл.

Аналитикалык материалдын милдеттери

Үч башкы милдети бар: биринчиси – кандайдыр бир кубулуштун, окуянын, кѳйгѳйдүн, феномендин маанисин түшүндүрүү; экинчиси – тенденцияларды анализдѳѳ жана алардын маанисин баалоо; үчүнчүсү – ѳлкѳнүн, компаниянын натыйжалуу болбогон ѳнүгүү жолдорун сынга алуу. Мында журналист кѳйгѳйдү анализдеп чыгып, кайсы процесстер туура эмес жүрүп жатканын кѳрсѳтѳт. Экинчи жагынан, аналитикалык материалдын чечимдерди, кандайдыр бир жыйынтыктарды, ал тургай маселени чечүү жолдорун же божомолдорду да кѳрсѳтүп туруусу маанилүү. Бул журналисттин аналитикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасы. 

Аналитикалык журналистика фактыларга жана компетенттүү пикирлерге таянып, маанилүү коомдук маселелерди кѳтѳрүп чыгат. Эксперттер менен адистердин сунуштары аркылуу аларды чечүү жолдорун дагы белгилейт.

Эӊ башында ѳзүнѳ «Тема коомго кандай таасирин тийгизет, бул коом үчүн маанилүүбү?» деген суроону бериш керек. Андан кийинки суроолор: Тандаган тема канчалык маанилүү? Ал жалпы тенденцияларды канчалык деӊгээлде аныктайт? Тема коом үчүн кызыктуубу? Тема ѳлкѳнүн, шаардын күнүмдүк жашоосуна таасир эте алабы? Булардын баары журналисттин эмне жѳнүндѳ жазганына байланыштуу.

Эгерде биз комплекстүү татаал тема тууралуу кеп кылсак, булактардын саны бир же эки, же үч эмес, андан кѳп болууга тийиш. Бул биринчиси. Экинчи этап – чогулган маалыматты анализдѳѳ жана иштеп чыгуу. Керексиздерин чыгарып, структуралап чыгуу зарыл.

Тѳмѳнкүдѳй эреже бар:
Биз дайыма колдонгондон кыйла кѳп маалымат чогултабыз. Бул болсо, журналисттин ѳзү жазып жаткан кубулушту тереӊирээк түшүнүүсү үчүн зарыл. Маалыматтын кѳптүгү туура жыйынтык же божомол чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Ошондой эле, «Андан кийин эмне болот?» деген суроого жооп бериш керек. Материал бизде абал начар экендиги менен бүтпѳш үчүн кѳйгѳйдү кантип чечүүгѳ болот?  Сынга алганды билген соӊ, сунуш киргизгенди да бил!

Жакшы аналитиканын эрежелери

  • Актуалдуу теманы тандоо
  • Проблематиканы толук изилдеп чыгуу
  • Эмоциялардан алыстоо
  • Эӊ кѳп булак жана пикир чогултуу
  • Ашыкчаларын алып салуу – маселени айкындап тактоо
  • Божомол түзүү
  • Маселени чечүү жолдорун сунуштоо

Аналитик журналист кандай сапаттарга ээ болушу керек?

Мындай журналист жакшы билим алып, саясат, экономика, социалдык чѳйрѳ ж.б. боюнча базалык маалыматтарга ээ болушу керек. Мамлекет кандай  түзүлгѳнүн, мамлекеттик институттар кандай иштегенин билбеген адам үчүн ѳлкѳдѳ бюджеттик каражаттардын абалын, алардын туура же туура эмес бѳлүштүрүлүп жатканын анализдеп чыгуу абдан эле кыйын. Ошондуктан, комплекстүү караганда, аналитикалык иш жүргүзѳм деген киши үчүн бул абдан эле жогорку талап болсо керек. Тактап айтканда, ар тараптуу ѳнүгүп, негизги коомдук процесстер жѳнүндѳ сѳзсүз маалымат алып туруу зарыл.  

Журналист бир теманын үстүнѳн иштеп жатканда, анда контакттардын тармагы пайда болот. Бул андан ары маалыматтарды топтоо үчүн абдан керек. Ошондой эле, бир тематика боюнча адистешкен журналист тенденцияларды кѳрѳ алат. Бир жыл мурунку нерсе менен эки жыл мурунку абалды салыштырат. Кѳптѳгѳн булактарды казып чыгуусуна зарылчылык жок. Тийиштүү тема боюнча процесстерди кѳп жылдан бери кѳзѳмѳлдѳп келгендиктен, баары эсинде. Аналитикалык чѳйрѳдѳ адистик чоӊ мааниге ээ. Деги эле бардык журналисттер үчүн маанилүү деп ойлойм.

Канткенде объективдүүлүктү сактай алабыз?

Бул абдан кыйын. Анткени, журналист ал коомдун ичинде жашайт, адилетсиздиктин баарын кѳрүп турат, ошондуктан четтеп кете албайт. Бирок, кѳйгѳйдү чечүү үчүн тунук акыл-эс менен логикалык ой жүгүртүү ѳтѳ маанилүү экенин түшүнүш керек. Бул ар дайым жардам берет. Себеби, образдуу түрдѳ  бийлик, кандайдыр бир корпорация деп атоого болгон оппоненттер эмоциялар менен иштебейт – алар силерден аналитиканын жардамы менен жана эмоциясыз берүү мүмкүн болгон аргументтерди талап кылышат. Ал эми баалоо – бул эмоция. Андан   алыс болгондо гана, аргументтер менен далилдерди бере аласыӊар. Аналитик журналист эмоция менен субъективдүү баалоого эмес, фактыларга гана таянууга милдеттүү. 

Прогресс болсун десек – бирѳѳ чындыкты айтып турушу керек. Муну биз кылбасак, ким кылат? Коомубуз жакшы жагына ѳзгѳрүүсү үчүн бирѳѳ пайда болгон шишиктерди жарып туруусу зарыл. Бул ишти журналист аткарат. Анын милдети – олуттуу жана актуалдуу проблемалардын чечилиши үчүн аларды коомго билдирип туруу.

Эл маалыматты толук албаган учурда ѳлкѳ үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алуу кыйынга турат. Мамлекетте болуп жаткан саясий процесстер, мисалы үчүн шайлоо жѳнүндѳ түшүнүгү болбосо, кантип добуш бере алышат? Бул абдан эле маанилүү эмеспи?! 

Биз колубуздан келе турган ишти ойлонуп, ѳз аудиториябызды пайда кылууга аракеттенишибиз керек. Бардык нерсе ѳз ара байланыштуу. Аудиторияны биз контентибиз менен пайда кылабыз. Журналисттер коомдун артынан чуркабастан, ѳнүгүүнүн бул процессин камсыздоо үчүн коомдон бир кадам алдыда жүрүүсү зарыл. ММК ѳкүлдѳрү жарандардын кызыкчылыгы үчүн коомдогу олуттуу жана масштабдуу проблемаларга кѳӊүл бурууга тийиш.

Аналитикада мыкты болуш үчүн

  • Дайыма билимиӊерди тереӊдетип тургула
  • Булактар менен эксперттердин базасын түзгүлѳ
  • Ѳз темаларыӊарды кѳзѳмѳлдѳп тургула
  • Эмоцияга алдырбагыла
  • Фактылар менен гана иштегиле
  • Далилдик база – эӊ мыкты аргумент
  • Ньюсмейкер болгула
  • Аудиторияны ойлонууга түрткүлѳ

Аналитикалык журналистика – бул журналистиканын эӊ жогорку стили. Критерийлери дүйнѳ жүзү боюнча универсалдуу. Биринчиден, бул журналисттин интеллектинин сапаты, болуп жаткан окуяны учурдагы кѳйгѳйлүү мейкиндик менен, тарых менен байланыштыруу жѳндѳмдүүлүгү. Экинчиден, кепти жакшы билүү. Татаал, чырмалышкан ойлор жѳнѳкѳй тил менен берилүүгѳ тийиш. Журналист материалды эксперттер үчүн жазбайт, анын аудиториясынын кѳлѳмү чексиз, жана окуганды билген ар бир адамдын журналисттин айтайын деген ой-пикирин түшүнѳ билүүсү зарыл. Үчүнчүдѳн, журналисттин жеке кайраттуулугу да чоӊ мааниге ээ. Ал жетекчилерге каршы чыгуудан коркпошу керек. Акты кара деп айтпайт, чындыкты бурмалай албайт. Тѳртүнчүдѳн, журналисттин маалыматка эркин жетүүсү мүмкүн болгон ѳзүнчѳ мейкиндик болууга тийиш.

Аналитикалык журналистиканын предмети катары, актуалдуу коомдук кубулуштар, окуялар, процесстер, жагдайлар жана аларга байланышкан коомдук ѳнүгүүнүн теориялык жана практикалык проблемалары алынат. Булардын баарын изилдеп чыгуу үчүн журналистке окуялардын ѳрчүү себептери менен шарттарын тактоого, тигил же бул кырдаалда иш-аракет аткаргандардын жүйѳлѳрү менен ниеттерин аныктоого, абалды ѳрчүтүү каражаттары менен жолдорун тандап алуунун тууралыгына, кѳз караштар менен идеялардын негиздүүлүгүнѳ баа берүүгѳ туура келет. Албетте, мындай материалдар абдан эле кѳлѳмдүү болот: окуянын маанисин эки абзац менен берүү мүмкүн эмес. Маалымат журналистикасында факт маанилүү болсо, аналитикалык журналистикада фактылардан жаралган ой-пикир, жана бул ой-пикирден келип чыккан автордун эмоциялары маанилүү.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Download
Print