Жүктөө
Басып чыгаруу

Маектешүү техникасы

Spoiler/Спойлер (click to read/кликните, чтобы прочитать)
Бул видеодо интервьюнун ыкмалары жѳнүндѳ айтып берем.
Айрым кишилердин интервью – досуӊ менен маектешкендей эле жѳнѳкѳй нерсе деп айтканын уксаӊар керек. Чындыгында андай эмес.
Интервью жѳнѳкѳй баарлашууга салыштырмалуу стратегиялык максатка ээ. Силер бир нерсени аныктап чыгышыӊар же кимдир-бирѳѳнѳн конкреттүү жооп алышыӊар керек.
Бул максатка жетүүнүн эӊ мыкты жолу – интервью алуунун натыйжалуу техникаларын билүү. Ошентип, эӊ биринчи кезекте интервьюнун кайсы тибин ѳткѳрүүнү аныктап алуу зарыл.
Кыска добуштук фрагменттерди алууну каалайсыӊарбы? Мисалы, телевизиондук жаӊылык репортажын ѳткѳрүп жатасыӊар дейли. Силерге бул форматка ылайык келе турган абдан кыска цитата керек. Бул абалда кѳпкѳ созулган маек жүргүзүүгѳ жана интервьюнун жүрүшү боюнча тынчсызданууга зарылчылык жок. Кѳрүүчүӊѳр качандыр бир кѳрѳ турган нерсе – репортажыӊарга кошулган он секунддан он беш секундга чейинки видеонун үзүндүсү.
Мындай учурда маектешиӊерге ачык билдиришиӊер керек. Ага жеке оюн билдирүү үчүн ѳтѳ эле аз убакыт берилгенинен кабардар болсо, анда мүмкүн болушунча кыска жооп берет. Кѳп учурда керектүү жоопту алыш үчүн бир эле суроону ар түрдүү туюндуруп берүүгѳ мажбур болосуӊар. Бул абалда максатка багытталгыла. Тек гана чагылдырып жаткан темага байланыштуу бир-эки жакшы цитата жетиштүү болот.
Интервьюнун кийинки тиби – толук кандуу интервью.
Мындан мурунку сценарийден айырмаланып, бул жерден биз интервьюну толугу менен кѳрѳбүз же угабыз. Мында маектешиӊер оюн айтып берүүсү үчүн убакыт жетиштүү болот. Ошол эле учурда баарлашуунун жүрүшү тууралуу да ой жүгүртүүнү унутпагыла. Силердин суроолоруӊарды аудитория угат, ошондуктан жакшылап ойлонуп узаткыла. Мындан тышкары, интервьюнун башталышы, ортосу жана аягы туура түзүлүүгѳ тийиш.
Үчүнчү – форматтан кѳз каранды болгон интервьюлар бар. Мисалы, телевидение менен радиодо убакыт жагынан чектелген интервьюлар болот. Бул бир мүнѳттүк блиц-сурамжылоо, же ар бир маектешиӊерге бир эле суроону беришиӊер мүмкүн, же болбосо аудитория белгилүү инсанга же саясатчыга суроо берген формат болушу ыктымал. Мында формат интервьюнун жүрүшү менен суроолорду белгилейт.
Ишке ашырылуусу кыйла татаал деп эсептелген интервьюлардын бири – бул проблемалуу интервью. Мында маектешиӊерге татаал суроолорду бересиӊер. Кѳбүнчѳ иш-чара чыӊалуу менен ѳтѳт жана каарманыӊар жооп берүүдѳн качат. Мындай интервьюну канткенде туура ѳткѳрүү мүмкүн?
Биринчиден, интервью үчүн так белгиленген максат болууга тийиш. Маектешиӊер туура эмес жасалган ишти мойнуна алуусун каалайсыӊарбы? Бул жерде ийгилик эмнеде? Андан ары логикалык линия бар. Силер кѳтѳрүп чыккан темалар биринен экинчисине табигый түрдѳ ѳтүп жатканын текшергиле. Маектешиӊердин кетип калуусу  же ѳзүн башкара албай калуу коркунучу жаралса, суроолорду жыйынтыктоочу бѳлүккѳ калтырып койсоӊор болот. Эгерде башында эле эӊ татаал суроолорду берип салсаӊар, анда эч нерсесиз каласыӊар. Мындай суроолор интервьюну аягына чыгарып салат.
Силерде ортого коё турган далилдер барбы? Эгер силер сотто иш алып барган жактоочу болсоӊор, далилдерди кѳрсѳтүүгѳ милдеттүү болмоксуӊар. Дал ушундай эле, айрым темалар боюнча маектешиӊерге баарына чекит коючу далилдерди коюп берүүӊѳр талап кылынышы мүмкүн. Аларды кандайча пайдалана турганыӊар жѳнүндѳ ойлонуп кѳргүлѳ.
Мисалы, силерде саясатчынын кѳйгѳй тууралуу январь айында эле билгендиги боюнча далил бар болсо, алгач кѳйгѳй тууралуу качан укканын сурасаӊар болот.  Эгер ал мартта уккам десе, колуӊардагы далил менен жалган айтып жатканын кѳрсѳтѳ аласыӊар. Далилдерди качан жана кантип кѳрсѳткѳнүӊѳр интервьюнун ийгилигине таасир этет.
Дагы бир учурду белгилеп кетейин. Татаал интервьюларда кээде ѳз милдетибизди – аудиторияга кызмат кылууну эстен чыгарып коебуз.
Айрым учурларда, ѳзгѳчѳ радио жана телевидениеде журналисттер агрессивдүү интервьюну жакшы деп эсептешет. Бирок, кѳп учурда иш-чара бири-бирине кыйкырган кишилердин талаш-тартышы менен аяктайт.
Дайыма ѳзүӊѳрдѳн  интервьюнун аудиторияӊардын пайдасына ѳткѳрүлүп жатканын, аларга маалымат берилип-берилбегенин же жѳн гана конфронтация экенин сурагыла.
Маектештен жооп алуунун эӊ мыкты жолу – аны менен байланыш түзүү. Муну ишке ашыруунун бир нече ыкмасы бар.
Биринчиден, алдын ала ѳз ара түшүнүшүүнү пайда кылууга аракет кылгыла. Чоочун адам менен жолукканда, абайлып, ал тургай тынчсыздануу менен мамиле кыласыӊар. Интервью бергендерде деле дал ушундай абал жаралат.
Маектешиӊер менен күн мурунтан сүйлѳшүү мүмкүнчүлүгүӊѳр болгон болсо, анда ал чыӊалбай, силер менен оӊой  байланышка барат. Айрыкча бул башынан оор окуя ѳткѳргѳн же интервьюдан улам тынчсызданып жаткан киши менен иш алып барууда пайдалуу боло алат.
Эгер, жолугар замат интервьюну баштай турган болсоӊор, анда ѳз ара түшүнүшүүнү орнотуу кыйла оор болот. Андан ары суроолордун жардамы менен интервьюнун тонун белгилегиле. Адамдар силер жасаган нерселерди кайра чагылдырууга шыктуу.  Сүйлѳшүү манераӊар алардан кандай жооп күтүп жатканыӊарды кѳрсѳтѳ алат.
Мисалы, мен жеӊил ойлуу, кѳӊүлдүү интервью болушун кааласам, ушундай стилдеги суроолорду бермекмин. Маектешим да мага жараша аракеттенип, коркпостон жооп бере бермек.
Эгер эмоционалдуу интервью ѳткѳрүүнү каалап, жайбаракат жана ойлуу суроо узатсам, маектешим деле ушундай жооп берет. Тагыраагы, интервью алуучу катары анын тонун силер белгилейсиӊер.
Кийинки кеӊешим күлкүлүү болушу ыктымал. Бирок айта кетмекчимин. Жоопторду угуп жатканыӊарга кѳзүӊѳр жетиши керек.
Суроолордун даяр топтому болгон учурда, аларды биринин артынан бирин окуп, жоопторго тийиштүү түрдѳ кѳӊүл бурбай кете беришиӊер мүмкүн.
Мен радиодо иштеп баштаганда ушундай ката кетиргем. Интервьюну угуп, маектешим кошумча суроону талап кылган бир нерсени айтканын түшүнгѳм. Бирок, туура эмес угуп жаткандыктан, маанилүү учурду ѳткѳрүп жибергем.
Сѳзсүз түрдѳ кунт коюп уккула жана алардын эмне деп жатканын жана эмнени кѳбүрѳѳк билгиӊер келгенин кѳзѳмѳлдѳгүлѳ.
Акыркы пункт – маектешиӊерден эмоциялар менен ой-пикирлерди чыгаргыла. Журналист катары, фактылар менен цифралар жѳнүндѳ жазып, айта аласыӊар. Албетте, бул тууралуу айтыш керек, ошентсе да маектешиӊердин эмоциясын жана ой-пикирин чагылдырууга жол ачкан суроолорду бергиле.
Биринчиден, бул интервьюӊарды кишилик деӊгээлде кызыктуу кылат, ошондой эле силер кошо албаганды кошот. Кабарчы катары, бирѳѳнү жактап, маселе боюнча же ага каршы пикириӊерди билдирбѳѳгѳ тийишсиӊер.
Ошентсе да, баяныӊарга жакшы интервьюларды кошуу менен муну ишке ашыра аласыӊар. Ошондуктан, суроолоруӊар болуп ѳткѳн окуяны гана аныктабастан, элдин ага карата мамилесин да кѳрсѳтүүгѳ багытталышы керек.
Интервьюнун ийгилиги пландоо этабынан башталат. Биринчиден, тандап алган жер ыӊгайлуубу?
Эгер баласынан ажырап калган ата-эне менен интервью ѳткѳрүп жатсаӊар, анда тынч, эч нерсеге алагды болбой турган жерде ѳткѳрүү зарыл.
Ал эми чоӊ таймаштын алдында спорттун фанаттарынан интервью алып жатсаӊар, киши кѳп, ызы-чуу чѳйрѳдѳ ѳткѳрсѳӊѳр болот.
Интервью жүргүзѳ турган жер баяндап берүүнү каалаган окуяга ылайыктуу болууга тийиш. Айрыкча бул телевидение менен видео үчүн абдан маанилүү. Силерге кызыктуу жер керек, ошол эле учурда эч нерсе алагды кылбашын камсыздагыла.
Андан ары кетсек, теманы жакшылап изилдеп чыктыӊарбы? Канчалык кѳп билсеӊер, ошончолук кѳп окуянын эӊ кызыктуу бѳлүктѳрүн тандайсыӊар.
Мисалы, вакциналар боюнча окумуштуудан интервью алганга даярданып жатасыӊар дейли. Ага чейин вакцина тууралуу, терминология жана темага байланышкан ар кандай маселелер тууралуу маалымат алып коюу абдан эле пайдалуу болот.
Мындан тышкары, маектешиӊер жѳнүндѳ кѳбүрѳѳк маалыматка ээ болууга аракет кылгыла. Анын эски интервьюларын кѳрүп чыккыла, суроолорго кандай жооп берерин билип, ѳз интервьюӊарга киргизе турган бардык учурларды жазып алгыла.
Дагы башка бир нече кеӊеш бере кетейин. Күтүүсүз,шаштысын кетире тургандай иш-аракет кылгыла. Бул кѳбүнчѳ атактуу инсандар менен кѳп жолу интервью берген таанымал жарандарга тиешелүү. Мындай кишилерге кѳп учурда бир эле суроону, дээрлик автопилот менен беришет.
Аларды таӊ калтырсаӊар, жаттама эмес, табигый жооп ала аласыӊар. Муну аткаруунун бир нече жолу бар: аудиториянын атынан суроо берүү, видеоклипти ойнотуу же эски сүрѳттү кѳрсѳтүү. Табигый жооп алуу үчүн аткара турган бардык нерсе натыйжалуу болуп чыга келиши ыктымал.
Ачык же кош суроолорду бергиле. «Ооба» же «жок» деп жооп бере турган суроолорду бербегиле. Мындай суроолорду узата турган болсоӊор, аларды кош суроого айландыргыла.
Мисалы, эгерде мен «сиз жашаган жер ѳзүӊүзгѳ жагабы?» деп сурасам, «ооба» же «жок» деп жооп берет. Ал эми «Сиз жашаган жер ѳзүӊүзгѳ жагабы жана эмне үчүн?» деген суроого толук сүйлѳм менен жооп алам.
Кээде интервью бергендер күн мурунтан суроолорду жѳнѳтүп коюуну суранышат. Мындай кылбагыла. Болжолдуу кандай темаларда кеп болору тууралуу маалымат берип койсоӊор болот. Ал эми алдын ала суроолорду берип койсоӊор, алар да жоопторун даярдап келет да, интервьюӊар жасалма болуп калат.
Ошондой эле интервьюга чейин жолугуп калсаӊар, кызыктырган суроолорду бербей турган оӊ. Кээде эӊ биринчи табигый жооп эӊ мыкты болуп чыга келет.
Жана акыркы кеӊешим. Эӊ башында берген башкы бир сурооӊор болушу мүмкүн. Канааттандырарлык жооп алышыӊар ыктымал, бирок кѳбүнчѳ маектештер интервью учурунда кызып, аягына жакын жайбаракаттанып, башка нерселерге алаксып калат. Айрым учурларда биринчи суроону башкача туюндуруп, интервьюнун аягында дагы бир жолу берсе болот. Ошентип, маектештериӊер кызыган, жайбаракаттанып, эӊ жакшы абалда болгон учурда маанилүү суроолоруӊарга жооп ала аласыӊар.
Мен силерге интервью жѳнүндѳ айрым ой-пикирлеримди айтып бердим. Алдыӊарга максат коюп, интервьюнун тибин ойлонуштургула, жеке изилдѳѳӊѳрдү жүргүзгүлѳ, бере турган суроолоруӊар тууралуу ой жүгүрткүлѳ, ѳз ара түшүнүшүүнү орноткула жана маектешиӊерди угууну эч качан унутпагыла.

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу