Жүктөө
Басып чыгаруу

Социалдык тармактардан маалымат издөө

Автор адамдардын кантип сүйлөй турганы жөнүндө ойлонуу ал сизге бере турган эң пайдалуу кеңештердин бири деп эсептейт. Интернеттеги баракчада же башка бирөөнүн социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө пайда болушу мүмкүн болгон сөздөр жөнүндө ойлонуп көрсөңүз. Бул видеодон сиз социалдык тармактарда издөөнүн ар кандай сценарийлери жөнүндө билесиз.

Spoiler/Спойлер
Саламатсыӊарбы, социалдык тармактардан издөөгө арналган бул видеобузга кош келиӊиздер. Бул абдан кеӊири тема, бирок силер өзүӊөр эмнени издей турганыӊарды билишиӊер керек. Балким, бир нерсени изилдеп чыгуу максатында  Google же башка издөө системаларынан караштыра баштайсыӊар.
Социалдык тармактарда эмне болуп жатканынан кабар алууну каалаган учурда дароо эле ал сайттарга киресиӊер. Бирок, элдин ой-пикирин билүү – силерге бере турган маанилүү кеӊештеримдин бири. Интернет баракчасында же социалдык тармактардагы кимдир-бирөөнүн постунда пайда боло турган сөздөргө маани бергиле.
Ой-пикир билдирүүдө айрым адамдар формалдуу, айрымдары жайбаракат болушат. Бул курактык өзгөчөлүккө жараша болот.  Мисалы, жаштар менен кары адамдар бирдей сүйлөшпөйт.  Жаштардын тили башка. Бир нерсени издеп жатканда, балким жаргон сөздөрдү же күнүмдүк жашоодо колдонулган жалпак тилди пайдалануу зарылчылыгы келип чыгат. Ошондуктан, алар колдонгон сөздөрдү байкаштырып, издөө үчүн ошол сөздөрдү пайдаланышыӊар керек.
Акыркы 12 жылда журналисттерге социалдык тармактарды колдонууну үйрөтүп жүрүп, алардын көпчүлүгү Google’дан натыйжалуу издөө жолдорун билбей турганын аныктап чыктым. Кепти мына ушундан баштайын.
Бир нерсе керек болгондо, дароо эле Google платформасына кирсеӊер керек.

Ким кандай сөздөрдү колдоно турганын же баракчада кандай сөздөр орун алышы мүмкүн экенини элестеткиле. Мен нааразылыктарды же нааразычылык билдиргендерди издейин.  Мисалы, Америкада болуп жаткандарды баяндоо үчүн кишилер тарабынан көбүрөөк колдонгон сөздөр ушулар болсо керек. Натыйжалар көп чыгат, себеби бул азыр болуп жаткан жалгыз  окуя эмес.

Ошентип, натыйжаларды чыпкалайсыӊар. Мисалы, жаӊылык сайттарына кирип, жаӊылыктын эски экенин, 11 саат мурун жарыяланганын көрө аласыӊар. «Аспаптарга» анан «Акыркыларга» киргиле, ошондо акыркы сааттын ичинде жарыялангандарды табууга болот.

Ошондой эле соӊку сүрөттөрдү да колдоно аласыӊар.  Аларды ушул эле жерден же видеолордун арасынан тапсаӊар болот. Ошентип, Google’дагы издөөӊөрдү чыпкалап, туура ой жүгүрткөндү билүү абдан маанилүү. Мисалы, мен акыркы сааттын/24 сааттын ичиндеги материалдарды көрүүнү каалайм же болбосо белгилүү бир диапазонду тандайм.

Издөөнү сайт же жайгашкан жери боюнча чыпкалоону чечишиӊер мүмкүн. Же болосо, келгиле, YouTube платформасына эмнелер жарыяланып жатканын көрүп көрөлү. Көбүнчө YouTube сыяктуу сайттан издеген жакшы.

Бул жерден биз акыркы сааттын ичинде YouTube платформасына абдан көп видео жүктөлгөнүн көрө алабыз. Кээде YouTube’дун өзүнө киргенге караганда, кыйла жөнөкөй болот. Бирок, издөө сурамын «сайт» сөзү, кош чекит жана YouTube ‘дун ортосуна бош орун калтырбастан жайгаштырыш керек. Facebook’та дагы дал ушундай.

Бирок Facebook’тан кишилердин жеке профилдерин эмес, жалпыга жеткиликтүү натыйжаларды гана ала аласыӊар. Ошентсе да бул негизги кеӊеш жана окуяларды табуу үчүн абдан пайдалуу. Ырастоолорду, мисалы 24 сааттык ырастоолорду орнотуп койгула. Нааразылык акцияларын уюштурган кишилер болот. Ал эми «окуялар» классификаторун кошуп коюу Facebook’тун өзүн казып чыкканга караганда кыйла жеӊил жана натыйжалуу боло алат.
Ошентип, силер издей турган көп нерсе бар. Мисалы, мен белгилүү бир шаардан, маселен Атланта шаарынан бир нерсе тапкым келди. Жанына Атланта деп жайгаштырып койдум.  Силер болсо, белгилүү бир жерден бир нерсени табуу үчүн каалаган өлкөнү же шаарды киргизе аласыӊар. Айталы, силер жашаган аймакта жер титирөө катталса, же болбосо ал жерде болгон адамдарды табууну кааласаӊар, жер титирөө деп киргизип койгула. Ал эми жөн эле титирөө социалдык тармактарда жаргон же кадыресе айтылган   сөз болот.
Ошентип, бул жерге жер титирөө же тремор деп киргизем. Тремор титирөө дегенди билдирет. Ошону менен бирге, бул сөз дененин титиреши дегенди түшүндүрөт.  Мен болсо, колдун же дененин треморун издеген жокмун. Бул жерден релеванттык эмес сөздөрдү алып салуу керек.  Мен алып салууну каалаган  сөзгө минус (тире) белгисин кошом. Ушундай жол менен кол же дене деген сөздү чыгарып салам. Өзүӊөр көрүп тургандай, бул жерге мен издеген жер титирөөгө байланыштуу натыйжалар чыкты.
Ошондой эле белгилүү бир аймактан адамдарды табууну каалайсыӊар дейли. Мисалы мен Перудагы жер титирөөнү карайын. Ал жерде жакында эле, балким бир нече күн мурун бир канча жер титирөө болгон.

Ошондой эле ар кандай тилде издей аласыӊар, себеби маалымат ар кандай тилде берилиши ыктымал. Бирок, мен Перудагы адамдарды тапкым келсе, испан тилинде жана Латын Америкасынан издей алам.

Ошентип, бир сөз нече сөз бар, ашыкча сөздү алып салып, белгилүү бир жерден издейбиз.

Эгер силер так сөзү белгилүү конкреттүү атты же издөөчү терминди табууну кааласаӊар, мисалы «Дональд Трамп» деп жазсаӊар, аны кашаага алгыла. Муну менен силер Google издегичине белгилүү бир баракчадан Дональд Трампты издегениӊеди көрсөтөт.

Эгер силер илимий макалаларды издеп жатсаӊар, анда Google Scholar  – абдан пайдалуу сайт. Бул сайт илимий эксперттерди , илимий макалаларды издөөдө абдан пайдалуу. Ошондой эле текст которуу зарылчылыгы келип чыкса, Google Translate тиркемеси ыӊгайлуу, бирок мен өзүм ага толук ишене албайт болчумун. Нааразылык боюнча мисалга кайталы. Нааразылыктар тууралуу башка тилде материал издөөдө маалыматты укса да болот. Мисалы, анын котормосун YouTube’дан видео уккандай эле угууга болот.

Азыр мен  Twitter’ден издейин.

Twitter.com сайтына өткүлө, башкы бет ачылганда, анын оӊ жагында «Эмнелер болуп жатат» деген бөлүм бар. Бул Твиттерде эмне жаӊылыктар болуп жаткандыгы тууралуу маалымат берген бөлүм. Көбүнчө материалдар силердин тандооӊорго, байкоо жүргүзгөн адамдарга же жүргөн жериӊерге байланыштуу.

Андан кийин «Сиздер үчүн» аттуу бөлүм бар. Бул жерде да COVID-19 жөнүндө көптөгөн расмий маалыматтар орун алган. Актуалдуу темалар силер жашаган аймакка жана популярдуу нерселерге негизделген. Айрым учурда пайдалуу, айрым учурда актуалдуу эмес. Бирок, эл арасында кеп болуп жаткан нерселерди билүүдө тренддер абдан пайдалуу.

Мындан сырткары, бизде жаӊылыктар, спорт же көӊүл ачуу – көбүнчө мышыктар катышкан видеолор бар. Бул бөлүм учурда Twitter’де эмнелер болу жатканынан кабар берет.

Андан ары издөө терезесине кирип (ал абдан эле кичине), Google сыяктуу эле тийиштүү сөздү киргизип издейсиӊер. Кайра эле нааразылык же нааразычылык билдиргендерди издейм. Бул жерден мен катталган кишилерден гана эмес, башка көп адамдан твиттерди көрүп жатам. Берилгени боюнча бул «Топ», ал эми бул өзүӊөр көрүп тургандай эӊ акыркысы эмес. Ошондуктан, соӊку кабарларды көрүш үчүн «Акыркылар» дегенди басам. Бул жерде нааразылык же нааразычылык билдиргендер жөнүндө  эӊ аяккы твиттер эки секунд мурун жасалган.
Ошону менен бирге эле мен чыпкалоону каалайм. Эгер жүргөн жери боюнча чыпкалай турган болсоӊор, анда кыйла көп пайдалуу маалыматты таба аласыӊар. Бул дайыма эле так боло бербейт, ошентсе да кайра эле Атлантаны тандайын. Мына, жок дегенде биографиясы боюнча туура келген кишилерди тандап чыкты. Кээ бирлеринин телефондорунда жүргөн жери катталып турат. Бул дайыма эле так маалымат бере бербейт, ошентсе да белгилүү бир жердеги твиттерди издөөдө өтө пайдалуу.
Мүмкүн болушунча чыпкалай бергиле. Мисалы, мен катардагы адамдардан эмес, верификацияланган аккаунттардан твит алууну каалайм дейли. Бул атынын жанында көк чымчыкчасы бар кишилердин твиттери. Буларга журналисттер, белгилүү адамдар, дүйнөлүк лидерлер же журнал-газеталар кирет жана кыйла ишенимдүү булактар болуп эсептелет. Твиттер алардын чындыкка дал келүүсүн текшерип турат.
Ошондой эле, түрдүү чыпкаларды көрсөтүп, сүрөт же видеолорду көрө алам. Так натыйжаларды алуу үчүн бул абдан маанилүү. Демек, кааласаӊар бир нече сөз киргизсеӊер болот.

Мен кайсы бир конкреттүү киши бир нерсе тууралуу эмне деп айтканын билгим келет дейли. Мисалы,  realdonaldtrump – президент Трамптын аккаунту, ага кирип нааразылык же нааразычылык билдиргендер тууралуу сөз кылып, кылбаганын карайм. Бул жерде ал тууралуу эч нерсе жазбагандыгы жана эски твит экени көрүнүп турат.

Ал Твиттерге жазышы мүмкүн болгон сөздөрдү ойлонуп көргүлө. Мисалы, иммигранттар жөнүндө эмне дегенин көрөлү. Бул саясатчылардын мурда айткан сөздөрү же кишилердин ар кандай нерселер боюнча билдирген пикирлерин билүү үчүн абдан ыӊгайлуу. Ошондой эле, Твиттерге бир нерсе жазып жатканда сак болуш керек, себеби убакыт өткөн соӊ артка кайрылып, ал маалыматты таап алуу оӊой эле.

Эгер кишилерди тапкыӊар келсе, мына бул чыпканы кошуп койгон жакшы. Мисалы, мен тарыхчыны издейин. «Кишилер» баскычын бассам, биографиясында «тарыхчы» деген сөздү колдонгондордун баары чыгат.

Бул силер издеген белгилүү бир чөйрөдөгү адистерди, эксперттерди жана тиешеси бар кишилерди табуунун эӊ жакшы жолу. Бул үчүн алар өз биолорунда кесибин көрсөтүшү керек.

Кээ бир журналисттерди издеп табууну чечтиӊер дейли. Эгер өзүӊөрдү оӊой таап алсын десеӊер, биоӊорго сөзсүз түрдө ачкыч сөздөрдү жазып койгула. Андан ары кетели, бизде өз алдынча журналисттер жана журналисттик уюмдар бар. Ошондуктан, ачкыч сөздөрдүн жазылышы маанилүү аспап болуп саналат.  Эгер бул ыкманы жакшы колдоно албасаӊар, «Кененирээк» деп аталган бөлүмгө, андан соӊ «Сурап-билүү» дегенди баскыла. Маалымат берүү борбору Твиттерде издөө ыкмасы жана башка көптөгөн нерсе тууралуу маалымат берет.
Instagram – бүгүнкү күндө журналисттер үчүн укмуштуудай пайдалуу маалымат булагы болуп эсептелет. Бул жерден каалаган сүрөттөрдү жана видеолорду таап аласыӊар. Бирок, аты-жөнү же жүргөн жери боюнча гана табууга болот. Ал эми мен издөөнү хэштегди колдонуу аркылуу ишке ашырып жүрөм.

Силер көрүп тургандай, бул жерде #NewYork, #NewYorkCity хэштегдери бар. Бирок мен нааразылыктар жөнүндө маалымат издеп жатам жана бул контент ылайык келбейт.  Өз контентин ким кандай тэгдей турганын ойлонуп көргүлө.

Джордж Флойд – америкалык полиция тарабынан өлтүрүлгөн киши. Мен болсо, учурда нааразычылык билдирип жаткан кишилерди издейм. Мында #GeorgeFloydprotests  же нааразылык деген сөз издөө үчүн ылайыктуу. Бул жерде издөөгө байланыштуу хэштегдерди көрүп жатам. Мисалы, #ripGeorgeFloyd, #nojusticenopeace. Издөө үчүн альтернативдүү хэштегдер кыйла көп.
Эми мен видео көрүүнү каалайм. Аларды Сторис бөлүмүнөн таба алам. Сторис көрүп жатканда, ар биринин үстү жагында тийиштүү кишинин аты (ник) жазылат. Ошондуктан, кимдир-бирөөнүн видеосун ала турган болсом, ага кайрылышым керек. Мисалы,  @Leslielove аттуу колдонуучуга кайрылып, видеосун пайдалануу үчүн уруксат сурайм. Уруксат алуу абдан маанилүү. Бул жагынан дагы журналисттер үчүн Instagram’дын  пайдасы чоӊ.

Мен силерге социалдык тармактардан издөө жана жалпысынан эле издөө боюнча кыскача киришүү маалыматын бердим.

Муну аткарганды үйрөнүп, көнгөн соӊ, бардыгы тез боло баштайт. Бирок, регулярдуу издөө сурамдарын сактап коюуну сунуштайм. Себеби, журналист катары, бир эле баяндын улам сайын чыга бергенин көп эле байкап жүрөбүз. Ошондуктан, кишилердин жазуу манерасынын түрдүү варианттарын сактап койсоӊор, келечекте убакытты үнөмдөө жагынан пайдасы тиет.

Албетте, мен силерге баяндар менен окуялардын күбөлөрүн издөө максатында колдонуу мүмкүн болгон бир нече гана сайт тууралуу айтып бердим. Булардан башка көп сандагы издөө системалары менен аспаптары бар. Бирок, мен айткандардан баштай бергениӊер туура.

Негизги шарттарды өздөштүргөн соӊ, издөө боюнча көндүмдөрүӊөрдү андан ары жогорулатууга аракет кылгыла.

 

Эгер орфографиялык ката тапкан болсоңуз, анда ошол текстти тандап, Ctrl + Enter баскычтарын басып, бизге кабарлаңыз.

Жүктөө
Басып чыгаруу