-
Модуль 1
Биринчи модулда сиз креативдүү индустрия кубулушу, анын өзгөчөлүгү жана потенциалы тууралуу дүйнөлүк практиканын мисалында билесиз. Ошондой эле креативдүү экономиканын пайда болушун шарттаган жагдайлар, негизги түшүнүктөр, креативдүү индустриялардын түрлөрү жана аларга мүнөздүү өзгөчөлүктөр каралат
-
Модуль 2
Экинчи модулдан сиздер креативдүү индустриялардын иштөө механизмдери менен таанышасыздар, креативдүү ишкерликтин ролу, ал кандай баалуулуктарды жаратары жөнүндө билесиздер. Борбор Азия өлкөлөрүндө креативдүү экономиканы өнүктүрүү артыкчылыктары тууралуу бөлүмгө Данияр Аманалиевден “Кыргызстан канткенде бул тармакта аймактагы жол баштагыч боло алат?”деген кейс кошумча болот
-
Модуль 3
Үчүнчү модулда сиздер заманбап ишкердин профилин карайсыздар, бизнес ачууну көздөбөсөңүз да, ишкердик ой жүгүртүү карьералык өсүштү өнүктүрүүгө кантип жардам бере аларын билесиздер. Борбор Азиянын 5 өлкөсүнөн креативдүү долбоорлордун шыктандырган мисалдарын карап чыгуу жана чөлкөмдөгү креативдүү коомчулукка кошулуу мүмкүнчүлүгүн аласыз